Кыргыз Республикасы ТӨМгө жетишүүнүн биринчи Улуттук ыктыярдуу серебин сунуштады

Басылмалардын датасы: 20.07.2020


2020-жылдын 16-июлунда БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОС) Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунда (ТӨСФ), Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүүнүн биринчи Улуттук ыктыярдуу серебин (ТӨМ УЫС) сунуш кылды.

Презентациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын адамдын өнүгүүсүнө багытталган саясатынын негизги багыттары, ошондой эле Күн тартиби 2030 максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууда негизги жетишкендиктери жана кыйынчылыктары белгиленди. Ушул максатта адам укуктары жана эркиндиктеринин укуктук жана соттук коргоосун камсыз кылуу, теңсиздикти кыскартуу, кедейчиликти жоюу, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу, кырсыктын тобокелдигин азайтуу, адамзаттын өнүгүүсүнө инвестициялоо, коомдун бардык катмарлары үчүн көндүмдөрдү жана билимдерди калыптандыруу, жумуш орундарын түзүү жана сергек жашоону колдоо, гендердик теңчиликти алдыга жылдыруу боюнча улуттук пландар ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  Күн тартиби 2030 ишке ашыруунун жана ТӨМдүн Улуттук ыктыярдуу серебин даярдоонун алкагында, ТӨМдүн жетишүү үчүн натыйжалуу мониторинг жана отчеттуулук тутумун түзүү боюнча жооптуу орган болуп саналат. ТӨМдүн отчеттуулугунун улуттук платформасы катары Улутстатком тарабынан эл аралык Open SDG платформасы көнүктүрүлдү, анда азыркы учурда 102 глобалдуу жана 57 улуттук ТӨМ көрсөткүчтөрү үчүн  маалыматтар жана метамаалыматтар жайгаштырылган. Платформа ТӨМ УЫСнун статистикалык тиркемеси болуп саналат.

Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн Улуттук ыктыярдуу сереби:https://sustainabledevelopment.un.org/content/documents/26372VNR_2020_Kyrgyzstan_Report_Russian.pdf

ТӨМ отчеттуулугунун улуттук платформасы: https://sustainabledevelopment-kyrgyzstan.github.io/

Маалымат үчүн:

Туруктуу өнүгүү максаттары - жакырчылыкты жоюу, биздин планетаны коргоону камсыз кылуу, жашоо сапатын жогорулатуу жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү бардык адамдар үчүн келечекти жакшыртуу боюнча иш-аракеттерге жалпы чакырык болуп саналат. Бул 17 максат 2015-жылы БУУга мүчө бардык мамлекеттер тарабынан 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн Күн тартибинин алкагында кабыл алынган, анда ага жетүү үчүн 15 жылдык план түзүлгөн. Кыргыз Республикасы, башка мамлекеттер менен катар, глобалдуу ТӨМгө жетишүүгө,  ошондой эле ТӨМгө жетишүү мониторингин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү боюнча өзүнө милдет алган.

БУУнун Статистикалык комиссиясынын 47-сессиясынын чечими менен, анда 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө көрсөткүчтөрдү түзүү жана ушул маалыматтарды берүү маселеси талкууланып, глобалдуу көрсөткүчтөрдү чогултуу өлкөлөр тарабынан эл аралык статистикалык системага берилүүчү салыштырма жана стандартташтырылган улуттук расмий статистикалык маалыматтардын негизинде ишке ашырылат деп макулдашылды, ал эми маалыматтардын башка булактары пайдаланылган учурда, алар тиешелүү улуттук статистикалык уюмдар менен каралат жана макулдашылат. Ошол эле учурда, маалыматтарды чогултуу 2014-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган расмий статистиканын Фундаменталдык принциптерине ылайык ишке ашырылышы керектигин белгилеп кетүү зарыл.


Акыркы жаңылоо: 20.07.2020, 19:37