Кыргызстан КМШга катышуучу-мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын Кеңешинин төрагасы болуп тандалды

Басылмалардын датасы: 19.09.2018


КМШга катышуучу-мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын Кеңешинин чечими менен,  2019-жылы Кеңеште төрагалыкты Кыргыз Республикасы жүргүзүп, анын ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов жетектейт.

Кеңеште Беларус Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  жана Казахстан Республикасынын Улуттук экономика министирлигинин Статистика боюнча комитетинин төрагалары тең төрагалык кылышат.

Ереванда КМШга катышуучу-мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын Кеңешинин кезектеги 59-отурумунда, КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин 2019-жылга карата программасы каралып, бекитилип, 2019-жылы 17-18-сентябрда Москвада өтүүчү “Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүндө кирешелерди жана жетиштүүлүктү өлчөөдөгү тажрыйба жана чакырыктар” долбоорунун чегинде эл аралык конференция өткөрүү жөнүндө маалымат берилди.

Ошодой эле, Арменияда КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык комитети  “ КМШ аймагында айыл чарба жана айыл статистикасын өнүктүрүү” долбоорунун чегинде уюштурулуп жаткан, айыл чарба статистикасынын маселелери боюнча жыйналыш өткөрдү.

Facebookдагы биздин расмий барак

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 05.10.2018, 11:23