Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Маанилүү фактылар жана цифралар

Басылмалардын датасы: 03.12.2021


Жыл сайын 3-декабрда Эл аралык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленет. Бул күн ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктары тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

2021-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген 198 миңге жакын адам, же калктын жалпы санынын 3% түзгөн. Акыркы беш жылда алардын саны 10,5 пайызга көбөйдү.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жалпы санынан 165 миңден ашыгын чоң адамдар түзсө, же калктын чоңдор адамдарынын 4% түзгөн, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу алардын саны 10,4 пайызга көбөйгөн.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген 18 жашка чейинки балдардын саны 32 миңден ашыгын же ушул  курактагы балдардын жалпы санынын 1,3% түздү. Бул 2016-жылга салыштырмалуу ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын саны 11,3 пайызга көбөйдү.

Пенсия жана жөлөкпул алган ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын саны¹

 

2016

2017

2018

2019

2020

Пенсия жана жөлөкпул алган ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саны-

  баары

178 944

183 330

187 313

194 364

197 792

жалпы калктын 10 000 ине

291,4

293,0

293,2

297,9

298,0

Ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны - улуу курактагы адамдар

149 627

153 382

157 479

162 351

165 158

  аялдар

69 086

70 862

72 703

75 072

76 032

  эркектер

80 541

82 520

84 776

87 279

89 126

  10 000 чоң кишиге

385,9

388,9

392,9

399,2

400,4

18 жашка чейинки ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын саны

29 317

29 948

29 834

32 013

32 634

  10 000 балага

129,5

129,5

125,3

130,3

129,9

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жалпы санынын мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үлүшү, пайыз менен

 

 

16,4

 

 

16,3

 

 

16,0

 

 

16,5

 

 

16,5

 
 

Пенсия жана майыптыгы боюнча жөлөкпул алган ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эң көп саны Жалал-Абад (42 миңден ашык), Ош (37 миңден ашык) жана Чүй (32 миңге жакын) облустарына, эң азы – Ош шаарына (7 миңге жакын), Талас (9 миңден ашык) жана Нарын (12 миңден ашык) облустарына туура келди.

Акыркы төрт жылда (2016-жылдан 2019-жылга чейин) жыл сайын жашы жеткен адамдардын арасында 11 миңге жакын адамда негизги майыптык аныкталган болсо, ал эми 2020-жылы көрсөткүч төмөндөп 9 миңге жакын адамды түзгөн. Бул көрсөткүч калктын 10 миңине алганда 2016-жылы 18,3 пайыздан 2020-жылы 13,2 пайызга чейин кыскарды. Биринчи жолу ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген деп табылган адамдардын жалпы санынан 44 пайыздан ашыгы аялдар жана 95 пайыздан көбү эмгекке жарамдуу калк болгон.

2020-жылы биринчи жолу ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген деп табылган адамдардын ичинен эң чоң салыштырма салмакты II топтогу майыптарга 72 пайызга жакын (2016-жылы 69,5 пайыз), ал эми эң азы (13 пайызга жакын) I топтогу майыптарга ( 2016-жылы 11 пайыздан ашык) туура келген.

Калктын чоң адамдарынын арасында майып болуунун негизги себептери кан айлануу системасынын оорулары болуп саналат, 2020-жылы алардын үлүшү дээрлик 23 пайызды түздү, ал эми 2016-жылы - 21,5 пайызды түзгөн, зыяндуу шишиктердин үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 12,9 пайызды (2016-жылы 11 пайыз), жаракаттардан, уулануудан жана башка тышкы себептерден улам пайда болгон оорулар - 11 пайызга жакынды (2016-жылы 14 пайызга жакынды) түздү.

Акыркы жылдары республикада орточо эсеп менен жыл сайын дээрлик 4 миң балага биринчи жолу майыптуулук статусу ыйгарылды, алардын 44 пайыздан ашыгы кыздар болду.

2020-жылдын аягында республикада ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдардын саны 33 миңге жакын болгон, бул 2016-жылга салыштырмалуу 11 пайызга көп. Шал оорусу (ШО) менен ооруган балдар жалпы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын санынын алтыдан бир бөлүгүн түзөт.

 

2020-жылы 18 жашка чейинки ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар

(адам)

Балдардын майыптыгынын көбөйүшү негизинен балдар арасында аны аныктоонун жана диагностика коюунун жакшырышына байланыштуу. Энелердин ден-соолугунун начардыгы, аз кандуулугу жана йоддун жетишсиздиги, энелердин кош бойлуу кезинде ооруларга (жатын ичиндеги инфекциялар, сасык тумоо ж.б.) чалдыгуусу, экологиялык шарттардын начардыгы да оорулуу жана алсыраган ара төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнө же майып болуп төрөлүшүнө алып келет.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын эң көп саны Жалал-Абад (7 миңден ашык), Ош (6 миңге жакын) жана Чүй (5 миңден ашык) облустарына туура келет.

2020-жылдын аягына карата мүмкүнчүлүгү чектелген балага орточо социалдык жөлөкпул 4000 сомду түзгөн. Бирок, социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү бир балага жашоо минимумунун 88 пайызын (2020-жылы айына орточо 4532,95 сом) түзөт. Социалдык жөлөкпул жетим балдарга (ата-энесинен ажыраган), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, шал оорусуна чалдыккан балдарга, ВИЧ/СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдарга төлөнөт.

2020-жылы республикада өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн  жалпы билим берүүчү 18 уюм (мектептер) иштеген, аларда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген 3,3 миң бала окуган, алардын саны 10 пайызды гана түзгөн.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 үй-интернаты бар, анын ичинен жалпы типтеги 6 улгайган адамдар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана чоң адамдар үчүн 6 нейропсихиатриялык интернат үйү жана балдар үчүн 5 нейропсихиатриялык интернат үйлөрү бар. Учурда интернаттарда 2 миңден ашык адам жашаса, анын 393 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

Акыркы беш жылда социалдык коргоого жумшалган чыгымдардын үлүшүнө мамлекеттик бюджеттен орточо эсеп менен 16 дан 20 пайызга чейин туура келген, ал эми социалдык коргоого жумшалуучу каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйгөн. 2020-жылы социалдык коргоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйүп, 34 миллиард сомдон ашык каражатты түздү.

Мамлекеттик бюджеттен социалдык коргоого карата чыгымдар

 

2016

2017

2018

2019

2020

Чыгымдар¹ - баары

25 009,6

26 922,4

30 374,4

32 763,6

34 376,5

     млн. сом

 

 

 

 

 

ИДПга карата пайыздар менен

5,3

5,1

5,3

5,3

5,7

 жалпы чыгымдарга карата пайыздар менен

16,5

16,2

19,2

19,5

20,0

¹2001-жылдын мамлекеттик финансы статистикасы боюнча ЭВФ колдонмосуна, анын ичинде финансылык эмес активдерди сатып алууга карата чыгымдарга ылайык.

______________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Финансы статистикасы бөлүмү : m.abdukadirova@stat.kg ; тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 06.12.2021, 09:28