Негизги товарлардын максималдуу орточо баалары Москвада катталды

Басылмалардын датасы: 16.03.2023


Ыкчам маалыматтар боюнча 2023-жылдын февраль айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин калган борбор шаарларына салыштырмалуу биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды.
2023-жылдын февраль айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы негизги  тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары
 (килограмм, АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

6,58

6,46

8.02

4,72

Койдун эти

5,87

6,72

9,99

-

Ак (каймак) май

5,07

9,77

14,51

8,16

Пастеризацияланган сүт, литр

0,91

0,83

1,16

0,65

Жумуртка, ондук

1,30

1,31

1,30

1,13

Биринчи сорттогу буудай уну

0,61

0,66

0,78

0,48

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,73

0,45

1,44

0,90

Картошка

0,45

0,34

0,50

0,42

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.
(-) - Өкүл товардын жоктугу.

2023-жылдын февралында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын ичинен жумуртканын максималдуу орточо чекене баасы (он даанасы 1,31 АКШ доллары) Астана шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (он даанасы 1,13 АКШ доллары) Минск шаарында белгиленди. 2023-жылдын февралында кой этинин төмөнкү баасы (1 килограммы  5,87 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды, уй этинин төмөнкү баасы (1 килограммы 4,72 АКШ доллары) жана пастеризацияланган сүттүн төмөнкү баасы (1 литри 0,65 АКШ доллары) Минск шаарында катталды. Ак каймак майдын минималдуу баасы (1 килограммы 5,07 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды. 

2023-жылдын февраль айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(килограмм, АКШ доллары)

2023-жылдын февралында Бишкек шаарында картошканын орточо чекене баасынын деңгээли Астана шаарында байкалган баадан 24,4 пайызга жана биринчи сорттогу ундан жасалган нан 38,4 пайызга, Минск шаарында уй этине 28,3 пайызга жогору болгон. 2023-жылдын февралында Бишкек шаарындагы жумуртканын орточо чекене баасынын деңгээли Минск шаарында (13,1 пайызга), пастеризацияланган сүттүн орточо керектөө баасы Астана шаарында (8,8 пайызга) жана Минск шаарында (28,6 пайызга) баалардын деңгээлинен жогору болуп түзүлдү.

2023-жылдын февраль айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы
Баалар менен орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн катышы

 

Бишкек ш.

Астана ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

98,2

121,9

71,7

Койдун эти

100

114,5

170,2

-

Ак (каймак) май

100

192,7

286,2

160,9

Пастеризацияланган сүт, литр

100

91,2

127,5

71,4

Жумуртка, ондук

100

100,8

100,0

86,9

Биринчи сорттогу буудай уну

100

108,2

127,9

78,7

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

61,6

197,3

123,3

Картошка

100

75,6

111,1

93,3

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

402,7

1 020,4

1 704,9

867,6

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү, кг менен

Уйдун эти

60,4

161,8

196,2

177,6

Койдун эти

67,8

155,6

157,5

-

Ак (каймак) май

78,5

106,9

108,4

102,7

Пастеризацияланган сүт, литр

439,1

1 261,6

1 353,2

1 290,2

Жумуртка, ондук

304,9

796,8

1 210,4

742,6

Биринчи сорттогу буудай уну

650,4

1 580,1

2 015,4

1 736,4

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

542,6

2 323,3

1 088,6

935,0

Картошка

883,4

3 047,4

3 125,5

1 973,8

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 2023-ж январында - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2022-ж. декабырында - Москва ш. боюнча.
2022-ж. IV кварталындагы - Астана ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн борборлору боюнча орточо айлык эмгек акынын2 сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн салыштырма талдоосу 2023-жылдын январында Бишкек шаарындагы биринчи зарылдыктагы продуктулар ЕАЭБдин башка борборлорундагы деңгээлинен артта калгандыгын күбөлөндүрөт, бул Бишкек шаары боюнча орточо айлык эмгек акынын төмөн өлчөмү менен шартталган. Мисалы, Бишкекте орточо айлык эмгек акыга 650 киллограм ун сатып алса, Москвада 2015,4 киллограмм же 3,1 эсеге көп. Астана шаарында бир айлык эмгек акыга 3,1 тонна, Бишкек шаарында  800 киллограммдан ашык картошка сатып алууга болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо айлык эмгек акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.    

Баалардын статистикасы бөлүмү                              |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 16.03.2023, 17:21