УЭС-2008 ишке ашыруу боюнча жетишкендиктер

Басылмалардын датасы: 30.04.2019


УЭС-2008 ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар

 

2017-жылдын ортосунан тартып ушул убакытка чейин УЭС-2008 стандарттарын ишке ашыруу үчүн методологиялык негизди даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат:

- Мыйзамсыз ишмердик боюнча эксперименталдык баалоо жүргүзүлдү жана методологиялык жобо иштелип чыкты (2018-ж. июлу);

- УЭС-2008 алкагында илимий-изилдөө ишмердигине жана аларды капитализациялоого карата чыгымдарды эсептөө методикасы иштелип чыкты (2018-ж. июлу);

- Кыйыр түрдө өлчөнө турган жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча эксперименталдык баалоолор жүргүзүлдү жана методика иштелип чыкты (2018-ж. октябры);

-  Борбордук банктын (КР Улуттук банкы) кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгарылышын баалоо боюнча методика иштелип чыкты (2018-ж. сентябры);

 - Улуттук байлыктын айрым көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча методологиялык түшүндүрмөлөр  иштелип чыкты (2018-ж. октябры);

- Запастар боюнча финансылык эсептердин эксперименталдык эсептөөлөрү жүргүзүлдү, эксперт менен макулдашылды;

- 2016-жыл үчүн «Чыгымдар-Чыгаруу» таблицалары үчүн продукция өндүрүүгө жана сатууга карата чыгымдарды эсепке алуунун бир жолку изилдөөсү өткөрүлдү (2017-жылы);

- УЭСте турак жайдын менчик ээлери (ээлери) тарабынан жүргүзүлө жана керектеле турган турак жай кызмат көрсөтүүлөрүн баалоо боюнча Методиканын долбоору иштелип чыкты;

- Пенсиялык фонддордогу үй чарбаларынын активдерин түзөтүү (корректировкалоо) Методикасы иштелип чыкты жана бекитилди (2019-ж. январы);

- 2014-2016-жж. үчүн эмгекти сарптоо ыкмасы менен байкоого алынбаган ишмердиктин эксперименталдык эсептөөлөрү жүргүзүлдү;

- Дискреттик негизде, 2010-2016-жж. үчүн кварталдык улуттук эсептердин  эксперименталдык эсептөөлөрү жүргүзүлдү.

 

Жаңы классификаторлор иштелип чыкты жана бекитилди:

- Негизги фонддордун Мамлекеттик классификатору (2016-ж. майы);

- Финансылык активдердин Мамлекеттик статистикалык классификатору (2018-ж. февралы);

- Материалдык жүгүртүү каражаттарынын Мамлекеттик классификатору (2018-ж. декабры);

ЭСМК экономиканын институционалдык секторлорунун Мамлекеттик классификаторунун долбоору, иштетүү стадиясында.

 

Ресурстар жана Колдонуу таблицалары – азыркы учурда 2016-жыл үчүн эксперименталдык эсептөөлөрдү жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. ҮЧӨӨ биринчи жолу иштелип чыгарылып жатат.

 

Көмөкчү эсептер

Табигый-экономикалык эсепке алуу Системасын  (токой эсептерин) ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. 2014-жыл үчүн эксперименталдык эсептөөлөр жүргүзүлдү.  

 

Пландар

ҮЧтү түзүү жана андан ары жыл сайын ҮЧтү түзүү боюнча эксперименталдык эсептөөлөрдү иштетүүнү жакшыртуу жана макулдашуу;

Сектордук эсептерди түзүүнү өздөштүрүү (жакшыртуу);

Финансылык эсепти түзүүнү аяктоо;

Активдердин көлөмүндө башка өзгөрүүлөрдүн эсебин түзүү;

Кайра баалоо  эсептерин түзүү;

Активдердин жана пассивдердин балансын түзүү;

Улуттук эсептер системасын түзөтүү (корректировкалоо), байланыштыруу жана балансировкалоо (теңдөө);

УЭС 2008 ылайык башка көрсөткүчтөр боюнча эсептөөлөрдү  өздөштүрүү (жакшыртуу).

___________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы, тел. + 996 (312) 324695; 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 02.05.2019, 15:38