Эл аралык өнөктөштөр улуттук статистиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары боюнча кызматташууну улантат

Басылмалардын датасы: 17.12.2021


15-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде БУУнун Статистика бөлүмүнүн, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун, Дүйнөлүк Банктын, Германия Элчилигинин, ЕБРР , ЭВФ, АӨБ, ПРООН, ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУ -Аялдары, МОМ, ЭЭУ, GIZ, БУУ БКБ, БУУ КЖКБ, ДАТП, БУУнун ФАО, ЮНИДО, ДСУ Эл аралык Соода Борбору жана Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрүнүн катышуусунда онлайн форматта тегерек стол болуп өттү.

Бул иш-чара 2021-жылдын 11-декабрынан 17-декабрына чейин өткөн Улуттук статистика системаларды уюштуруу жана башкаруу боюнча БУУнун региондор аралык кеңешчиси Габриэл Гамез мырзанын миссиясынын алкагында уюштурулду.

Иш-чаранын максаты болуп улуттук статистиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулоо жана расмий статистиканы модернизациялоо жаатында артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүү жана бекемдөө, кызматташтыкты жана өз ара маалымат алмашууну кеңейтүү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен диалог үчүн аянтча түзүү, кайталоолорду жоюу, биргелешкен иш-чараларды шайкеш келтирүү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Самат Насирдинов алып барды. «Сиздерге белгилүү болгондой, расмий статистика мамлекеттик башкаруунун маалыматтык системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана маалыматтардын жаңы экосистемасында барган сайын өсүп жаткан ролго ээ болууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо, максаттуу көрсөткүчтөрдүн, ошондой эле максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнү контролдоочу расмий статистиканын маалыматтарынын негизинде жүзөгө ашырылат»,- деп белгиледи баяндамачы.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело мырза жана Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви мырза, ошондой эле улуттук статистика системаларды уюштуруу жана башкаруу боюнча БУУнун региондор аралык кеңешчиси Габриэл Гамез мырза, куттуктоо сөздөрүн жана Улутстаткомдун потенциалын колдоого даярдыктарын билдирди.

Тегерек столдун жыйынтыгында Улуттук статистика комитети статистика чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүүнү жана Улуттук статистика  комитеттин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ошондой эле башка өндүрүүчүлөр жана маалыматтарды пайдалануучулар, 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы менен ишин координациялоо механизмин түзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, алар статистиканы өнүктүрүүдө бардык кызыкдар тараптар менен, анын ичинде эксперттик, техникалык, методикалык жана финансылык колдоо көрсөтүү аркылуу өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кайталанууга жол бербөө жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында Улуттук статистика комитет тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду башкаруунун натыйжалуу схемасын түзүү сунушун колдошту.


Акыркы жаңылоо: 17.12.2021, 16:49