Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети БУУ системасынын бардык кызматкерлерин Бириккен Улуттар Уюмунун күнү менен куттуктайт

Басылмалардын датасы: 24.10.2016


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети БУУ системасынын бардык кызматкерлерин Бириккен Улуттар Уюмунун күнү менен куттуктайт.

Баарына белгилүү, 1945-жылы 26-июньда БУУнун Уставына кол коюлуп, ошондон бери 24-октябрь Бириккен Улуттар Уюмунун күнү катары белгиленип келүүдө. Баштапкы мезгилде анын курамына 51 өлкө кирип, азыр БУУнун мүчөлөрүнүн саны бир топко өстү.

1992-жылы 2-мартта БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 46-сессиясында Кыргыз Республикасы БУУга бир добуштан кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети статистика тармагында эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн статистикалык кызматтары менен активдүү кызматташып келет жана туруктуу негизде БУУ системасынын бардык өкүлчүлүктөрү менен кызматташтыкты ишке ашырып келет.

Көп жактуу деңгээлде Улутстатком БУУ системасы менен өткөрүлүүчү көптөгөн эл аралык иш-чараларда активдүү катышып келет, негизинен, ПРООН, ЮНФПА, ЮНИСЕФ, ФАО, ВПП, ЮНИДО, ЮНЕСКО, УНП, ЭСКАТО, ЕЭК жана башка өкүлчүлүктөр менен.

Өлкөнүн улуттук статистикасын өнүктүрүүдө БУУнун агенттиктери тарабынан көрсөтүлүүчү колдоо, билим алууга жана тажрыйба алмашууга, статистикалык көрсөткүчтөр системасын жакшыртууга, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ыңгайлаштырууга, статистика системасынын уюштуруу структурасын модернизациялоого, жогорку сапаттагы статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн эл аралык стандарттарды жана ыкмаларды киргизүүгө, маалыматтарды топтоо процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана статистикалык мүмкүнчүлүктөрдү  бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети Кыргызстандагы БУУ Системасынын туруктуу колдоосун жана өз-ара кызматташтыгын жогору баалайт жана БУУ Системасынын кызматкерлерине бакубаттуулуктү жана дүйнөлүк коомчулуктун глобалдуу маселелерин чечүүгө багытталган ишмердүүлүктө жаңы жетишкендиктерди каалайт.


Акыркы жаңылоо: 24.10.2016, 17:15