Кыргыз Республикасынын Улутстаткому Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын статистикасы боюнча Комитеттин 8-чи сессиясынын ишине катышууда

Басылмалардын датасы: 23.08.2022


Кыргыз Республикасынын Улутстаткому Бангкокто ((Таиланд) 2022-жылдын 23-августунан 25-август аралыгында Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын статистика боюнча Комитетинин 8-чи сессиясынын гибриддик форматындагы ишине катышууда.

Статистика боюнча Комитеттин 8-чи сессиясындагы талкууга алынуучу негизги маселелер төмөнкүлөр болду:

- 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү жаатындагы Күн тартибин жүзөөгө ашыруунун  кызыкчылыгы үчүн расмий статистиканы жакшыртуу;

- толук статистикалык маалыматтарды алуу үчүн калктын табигый кыймылынын статистикасын жана жарандык абалдын актыларын каттоосунун маалыматтарын пайдалануу жана ченелүүчү дүйнөнүн маалыматтарын башкаруу.

Азия жана Тынч океан аймагындагы улуттук статистикалык башкармалыктардын башчылары жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр статистика боюнча Комитеттин сегизинчи сессиясына маалыматтардын купуялуулугунун ортосундагы синергияны камсыздоо жана аларды колдонуу  үчүн маалыматтарды башкаруудагы жаңы механизмдерди киргизүү жана түзүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн чогулушту.

Сессиянын ишинин жүрушүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын статистика боюнча Комитетинин статистикага колдонуучуларды жана инвестицияларды тартуу, статистиканын сапатын камсыздоо жана ага болгон ишенимди бекемдөө үчүн сунушталган демилгелерин колдоду. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын статистикалык тутуму бүгүнкү күндө статистикалык өндүрүштүк процесстеринин жаңылануусунун этабында турат, анын алкагында статистикалык маалыматтардын жыйноосунун жаңы технологиялары жана усулдары каралган. Ошол эле мезгилде ал, өлкөлөрдүн статистикалык тармактарынын өнүгүшү үчүн тез-тезден тажрыйба жана билим алмашуу жаатында иш-чараларды өткөрүп туруу зарылдыгына токтолду.

            

            

 


Акыркы жаңылоо: 23.08.2022, 15:59