Кыргыз Республикасынын Улутстаткому 2019-жылдын 1-январындагы абал боюнча мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин санына эсеп жүргүзөт

Басылмалардын датасы: 24.12.2018


 №1-МАМ формасы (кыскача) СББМРМБде мамлекеттик органдар катары  катталган, юридикалык жактын укуктарына ээ болгон бардык мекемелер, уюмдар жана алардын өз алдынча обочолонгон бөлүмдөрүнө жайылтылат.

  Министрликтер жана ведомстволор жана алардын аймактык органдары №1-МАМ (кыскача) формасынын отчетторун 2019-жылдын 28-январынан кечиктирбестен, жайгашкан жери боюнча мамлекеттик статистика органдарына кагаз форматында беришет.  

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин саны жөнүндө отчет» №1-МАМ-Ж (кыскача) формасын өз алдынча (юридикалык жак укугуна ээ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (бардык деңгээлдеги кеңештер, шаардык жана айылдык башкармалыктар, мэриялар, айыл өкмөттөрү) 2019-жылдын 20-январынан кечиктирбестен, жайгашкан жери боюнча мамлекеттик статистика органдарына беришет.  

 
Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмү    e- mail: jailobaeva@stat.kg    +996(312) 626076   +996(312) 324724


Акыркы жаңылоо: 24.12.2018, 15:39