Улутстатком өз ара соода боюнча статистикалык маалыматтарды топтоо жана иликтөө боюнча адистерди окутууну баштады

Басылмалардын датасы: 25.09.2017


Бүгүн, 25 – сентябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети аймактык мамлекеттик статистика кызматкерлерин Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү менен өз ара соода боюнча статистикалык маалыматтарды  топтоо жана иликтөө боюнча Азиялык  өнүктүрүү банкынын колдоосу менен окутууларды баштады. Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын кызматкерлерин окутуу иш-чарасын Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов ачып берүү менен, бул окутуулардын өз ара соода боюнча статистикалык маалыматтарды топтоонун сапатын жогорулатуудагы чоң маанисин белгилеп, иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады.

Мындай окутуулар 25-сентябрда Ош облустук статистика башкармалыгында, 27-сентябрда Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгында жана 29-сентябрда Баткен облустук статистика башкармалыгында өткөрүлүп, облустардагы райондордун жана шаарлардын адистерине өз ара соода статистикасынын көрсөткүчтөрүн түзүү ыкмалары жана тийиштүү иш кагаздарын толтуруу боюнча практикалык түшүнүктөр берилет.

 

 


Акыркы жаңылоо: 25.09.2017, 10:29