Каттоо жүргүзүү менен байланышкан алдамчылык фактыларга, алар тууралуу Интернетте таралган маалыматка карата сак болууга чакыруу өтүнүчү менен Улутстаткомдун жарандарга карата кайрылуусу

Басылмалардын датасы: 26.07.2019


Акыркы убактарда, социалдык түйүндөрдө өздөрүн Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери катары тааныштырып, калкты каттоо боюнча иш-чараларды өткөрүп жаткан адамдар катары тааныштырган алдмачы көз боемочулар тууралуу маалымат таркатылып жатат. Ушул эле маалыматтар боюнча алдмачы көз боемочулар Улутстаткомдун кызматкерлеринин жасалма күбөлүктөрүн көрсөтүү менен  жергиликтүү акимиаттар менен тыгыз кызматташуу аркылуу талаа иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдиришип, элди ишендирип жатышат. Маалыматтарды чогултууну аяктагандан кийин бир канча убакыт өткөн соң, сурамжылоо жүргүзүлгөн адамдардын үйлөрүнө уурулар киргендиги белгиленди.

Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасында 2020 жылы эл жана турак жай фондун каттого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017 жылдын 23 октябрындагы №690 токтомуна ылайык, Улутстатком эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар 2020 жылдын 23 мартынан тартып 1 апрелине чейин жүргүзүлө тургандыгына жарандардын көңүлүн бурат.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети азыркы календарлык мезгилде  эл жана турак жай фондун каттого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча эч кандай иш-чараларды жүргүзүү пландалган эместигин расмий түрдө билдирет.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу,  Улутстатком ушундай көз боеомчулардан сак болушун жарандардан суранат, зарыл болсо, түшүнүк алуу үчүн Улутстаткомго же жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарына кайрылууңуздарды өтүнөт.

 

Статистикалык каттоолор бөлүмү   

e-mail: r.chynybaeva@stat.kg    

тел. + 996 (312) 32 53 36


Акыркы жаңылоо: 26.07.2019, 08:38