Улутстаткомитети азыркы мезгилде эл каттоону өткөрүү боюнча эч кандай иш-чаралар жүрбөгөндүгү тууралуу расмий түрдө билдирет

Басылмалардын датасы: 11.09.2020


Социалдык тармактарда эл каттоо кызматынын шылтоосу менен белгисиз адамдар үймө-үй кыдыруу менен алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп атышат деген маалымат пайда болду.

Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомуна ылайык, Улутстатком эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралуу маалымдаган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган.

Жогоруда келтирилгендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча учурда эч кандай иш-чаралар жүргөн жоктугун расмий түрдө билдирет.

Так маалымат алуу үчүн (0312) 32-53-36; (0312) 62-56-57 телефондоруна же Улутстаткомго жана жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

 

_________________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү: e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;    тел. + 996 (312) 325336.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.09.2020, 14:34