Улутстатком мамлекеттик статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Басылмалардын датасы: 26.04.2019


Урматтуу мамлекеттик статистика кызматкерлери!

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги жана Борбордук аппараттын жамааты Сиздерди Кыргыз Республикасынын статистика кызматкеринин Күнү менен куттуктайт!

Кыргызстандын Улуттук статистика системасы, өткөн бир кылымга жакын аралыкта түптөлүп, өлкөнүн экономикалык, социалдык, демографиялык жана экологиялык процесстерине изилдөө жүргүзүп, өз убагында мамлекеттин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эсептеп, мамлекеттик бийлик органдарын жана жалпы коомчулукту  статистикалык маалыматтар менен камсыз кылуу менен эле чектелбестен, Улуттук эсептер системасынын Эл аралык стандарттарынын жана эрежелеринин негизинде иш жүргүзүүгө жетише алды.

Кыргызстандын статистиктеринин кажыбас эмгеги, маңдай тер мээнети, алардын кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу, чечкиндүү чечимдерди кабыл алуусу, эл аралык статистикалык уюмдар жана статистикалык кызматтар менен туруктуу жана эффективдүү кызматташтыкты түзүүсү, бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, мамлекеттеги жогорку уюшулган маалыматтык системанын үлгүсү болуп эсептелүүсүнө алып келди. 

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөңүздөргө береке, иштериңиздерге ийгилик каалайбыз!

 

Майрамыңыздар менен!

 


Акыркы жаңылоо: 26.04.2019, 08:50