Улутстатком мекендештерди Кыргызстандын 29 жылдык эгемендиги менен куттуктайт

Басылмалардын датасы: 28.08.2020


 

Урматтуу мекендештер, окурмандар!

Улуттук статистикалык комитеттин жетекчилиги жана жалпы жамааты Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк Күнү менен куттуктайт.

Белгилей кетсек, статистиктер үчүн бул күн чоң мааниге ээ. Мамлекеттик көз карандысыздык менен эгемендикке ээ болгондон кийин республикада статистиканын жаңы өнүгүү этабы башталды. Эгемендүүлүк жылдары коштолгон мамлекеттик статистиканы кардиналдык түрдө реформалоо аракети эгемендүү мамлекеттин макамына жооп бере турган улуттук статистика системасын курууга өбөлгө түздү.

Бүгүнкү күндө статистикалык маалыматтык система рынок шартындагы экономиканын талаптарына жооп берип, мамлекеттик бийлик органдары менен коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалына байланышкан толук маалымат менен камсыздайт. Статистикалык маалыматты чогултуу жана жайылтуу ишинде эл аралык эрежелерге жана стандарттарга жооп берген жаңы усулдарды колдонот.

Учурдан пайдаланып, статистиканын колдонуучуларын жана республиканын бардык жарандарын жаркын майрамы менен куттуктап, баарына чың ден-соолук, береке, тынчтык жана бакубатчылыкты каалайт.


Акыркы жаңылоо: 28.08.2020, 10:47