Улутстатком сайттын колдонуучуларын COVID-19 пандемиясынын үй чарбаларына тийгизген таасири жөнүндө эксперименталдык веб-сурамжылоого катышууга чакырат

Басылмалардын датасы: 01.12.2020


COVID-19дун үй чарбаларына тийгизген таасирин баалоо макстында Улутстатком сайттын 15 жаш жана андан жогорку жаштагы колдонуучуларын эксперименталдык веб-сурамжылоого кашышууга чакырат.

Сурамжылоонун жүрүшүндө алынган маалыматтар COVID-19 ооруусу менен байланыштуу кыйынчылыктарга дуушар болгон үй чарбаларынын,  үй чарбалардын мүчөлөрүнүн психологиялык абалы, жумушунан ажырашы, гигиена жана өздүк коргонуу каражаттарына  жетүү мүмкүнчүлүгү, үй чарбаларынын кирешелеринин кыскарышы, балдардын аралыкта окушу, электр, суу менен камсыздоого жана эшикте жүрүүгө байланышкан  чектөөлөр сыяктуу кыйынчылыктарга туш болгон үй чарбалардын жайылышы тууралуу маалымат алууга жардам берет.

Мындан тышкары, веб-сурамжылоонун жыйынтыктары үй чарбасынын материалдык абалын субективдүү баалоого жана 2020-жылдын аягында үй  чарбасынын бакубатчылыгынын өзгөрүшүнө тиешелүү калктын күтүүлөрүн аныктоого мүмкүндүк берет.

 СУРАМЖЫЛООГО КАТЫШУУ

Катышканыңыз үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз!

 


Акыркы жаңылоо: 01.12.2020, 11:33