Улутстатком экология маселелери боюнча семинарга катышты

Басылмалардын датасы: 22.08.2018


2018-жылдын 16-17-августунда Ысык-Көлдө экологиялык негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн аларды андан ары колдонуу максатында экологиялык көрсөткүчтөрдөн негизделген маалыматтык системаларды түзүү маселелерине арналган, ««Кереге» экологиялык көрсөткүчтөрүнүн улуттук комплектин колдонуу» боюнча окутуу семинары болуп өттү.  

Семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча Мамлекеттик агенттигинин буйругу менен түзүлгөн, министрликтерди жана ведомстволорду көрсөтүүчү «Кереге» экологиялык маалыматтарды башкаруунун жана мониторингинин интеграцияланган маалыматтык системасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык  жумушчу топтун мүчөлөрү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана башка кызыкдар тараптар катышышты.  

Семинарды Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими Д.Б. Иманалиев мырза ачты, анда ал Ысык-Көл облусу, ошондой эле бүтүндөй өлкө үчүн  бар катар артыкчылыктуу экологиялык көйгөйлөрдү айтып чыгуу менен ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо мүмкүндүгү үчүн ушундай аянтчалардын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун баса белгиледи.

КР Улуттук статистика комитетинин, КРӨ караштуу Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча Мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун атынан чыгып сүйлөгөн өкүлдөр өз сөздөрүндө айлана-чөйрөнүн абалынын толук талдоосун түзүүнүн, конвенциялар боюнча отчеттуулуктун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн жана Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарына (ТӨМ) жетишүүгө көмөктөшүү үчүн маанилүү натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн ишенимдүү жана өз убагындагы экологиялык маалыматтын өзгөчө ролун белгилешти.  

Азыр өлкөнүн экология темасы бардыгыбызды тынчсыздандырат. Ушундай түрдөгү долбоорлор Республикадагы экологиялык абалды толук камтыйт деп мен ишенем. 

Ушул долбоор менен Улутстаткомдун ортосунда биргелешекен жакшы иштердин жүргүзүлүшүнө ишенем.

Андан кийин «Кереге» экологиялык маалыматтык системасын иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө маалымат берилди, анын негизги маселеси болуп, Кыргыз Республикасы анын тарабы болуп саналган, эл аралык Конвенциялар боюнча экологиялык маанилүү чечимдерди жана отчеттулуктарды кабыл алуу процесстерин оптималдаштыруу максатында  экологиялык маалыматты башкаруунун жана мониторинг процессин жакшыртуу, ошондой эле айлана-чөйрөнүн абалына байланыштуу маселелер боюнча коомчулуктун жана бардык кызыкдар тараптардын билимдерин жогорулатуу болуп саналат.

Ошондой эле, катышуучуларга климаттын жана биотүрдүүлүктүн өзгөрүшү сыяктуу актуалдуу багыттар боюнча абалдарды талдоо үчүн экологиялык көрсөткүчтөрдү колдонууга байланышкан маселелер боюнча презентация жүргүзүлдү.

«Түндүк» Ведомстволор аралык Өз ара ишмердиктер Системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара ишмердик борбору» Мамлекеттик ишканасынын  презентациясында системанын түзүмү, аларды биргелешип колдонуу үчүн маалыматтарды башкаруу практикасын ишке киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтылды. Берилген маалымат маалыматтарды жана билдирүүлөрдү алмашуу тармагында кызматташуу, ошондой эле коопсуздук жана маалыматка санкциясыз жетүүдөн коргоо  маселелери боюнча дискуссияларды жана кызуу талкуулоолорду жаратты.

Семинардын ишине Финляндиянын Айлана-чөйрө институтунун өкүлдөрү катышты, алар маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү тармагында өзүнүн өлкөсүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүштү, ошондой эле алардын колдоосунун алдында Кыргызстанда иштелип чыккан маалыматтык продукттарды көрсөтүштү.

“Ушундай семинарлар экологиялык маалыматтарды  өнүктүрүү үчүн абдан жакшы түрткү берет.  Ушундай  иш-чараларда катышуучулардын ортосунда тажрыйбалар менен ири алмашуулар жүрөт. Башка жерден аны эч таба албай турган маалымат ушул жерде бар”.

Т.У. Соронкулов.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик  инспекциясы,  фитосанитардык көзөмөлдөө инспектору.

Бардык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү, ошондой эле маалыматтардын бирдиктүү базасын түзүү боюнча бизде абдан чоң иштер жүргүзүлүп жатат. Семинардан кийин абдан жакшы оң элестер калды. Ушундай  иш-чараларды көбүрөөк өткөрүп туруу керек, себеби азыр элге маалыматтык сабаттуулук жетишпейт”.

А.С. Жанбаева. Маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитети, ИКТ жана электрондук кызмат көрсөтүү саясатын түзүү башкармалыгынын адиси.   

Окутуу семинарынын практикалык бөлүгү, бардык секторлор боюнча статистикага байкоо гана жүргүзбөстөн, элементардуу салыштыруу талдоосун жүргүзүүгө да мүмкүндүк бере турган УСКнын расмий сайтынын мобилдүү тиркемесин колдонуу менен өткөрүлдү. Мобилдүү тиркеме менен иштөө боюнча көнүгүүлөр  экологиялык викторина түрүндө оюн формасында бекемделди, анын жардамы менен катышуучулар статистикалык экологиялык маалыматтарды издөөдө жана аларды талдоодо жакшы практика алышты. 

Семинардын экинчи күнү катышуучулар үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин Көл обсерваториясына тааныштыруу визити уюштурулду, анын базасында маалыматтарды үзгүлтүксүз он-лайн режиминде чогултуу жана берүүгө мүмкүндүк берүүчү парник газдарын эсепке алуу боюнча  автоматтык метеостанция жана станция иштейт.     

Семинар «Экологиялык маалыматты башкаруунун жана  мониторингинин улуттук системасын жакшыртууну камсыз кылуу үчүн институционалдык жана укуктук потенциалын күчөтүү» боюнча ПРООН-ГЭФ долбоору тарабынан колдоого алынган, «Кереге» экологиялык маалыматты башкаруунун жана мониторингинин интеграцияланган маалыматтык системасынын институционалдык негиздерин түзүү боюнча жана КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча Мамлекеттик агенттиги жана КР Улуттук статистика комитети менен бирге ишке ашырыла турган  ишмердиктерди иштетүүнүн  алкагында «Бизнес жана инновациялар борбору» тарабынан өткөрүлдү.   

 

 


Акыркы жаңылоо: 23.08.2018, 13:12