Улутстатком пилоттук (сынамык) эл жана турак жай фондун катоосуна киришти

Басылмалардын датасы: 25.03.2019


Бүгүн, 2019-жылдын 25-мартында эртең мененки саат 8-00 дө Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарында каттоо иш кагаздарын апробациядан өткөрүү жана кезектеги 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу-технологиялык жактан камсыздоо максатында Улутстатком тарабынан пилоттук (сынамык) каттоо башталды. 

Каттоо жумуштарын аткарууга 277 каттоочу, 55 инструктор-контролерлор жана 13 каттоо бөлүмдөрүнүн координаторлору тартылышты.

Бир убакта эле, сурамжылоонун жүрүшүндө калк боюнча маалыматтарды суроолор тизмегинин электрондук форматына киргизүү үчүн офф-лайн режиминде мобилдик тиркемелер  тестирлөөдөн өтөт.

________________________________________________________________________________

    Cтатистикалык каттоолор бөлүмү  e-mail: r.chynybaeva@stat.kg  тел. + 996 (312) 32 53 36


Акыркы жаңылоо: 26.03.2019, 09:47