Улустатком колдонуучуларды статистикалык маалыматтарды туура талкуулоого чакырат (20.11.2018 NewTV телеканалынын эфиринде айтылган журналисттердин комментарийлерине жооп)

Басылмалардын датасы: 26.11.2018


Улутстатком эл аралык практикада кабыл алынган, тактап айтканда,  эмгек жана эмгек акы боюнча статистикалык маалыматтарды туура колдонууга чакырат, алар Эл аралык Эмгек уюмунун колдоосу алдында Эмгек статистиктеринин Эл аралык конференицияларында кабыл алынган конвенцияларга жана сунуштарга ылайык иштелип чыгат. Көз карандысыздыкты алган жылдарда болуп өткөн институттук өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, иш менен камсыздалган элдин жалпы санындагы экономиканын уюшулган секторунда иштегендердин саны 1991-жылдагы 66 пайыздан 2017-жылы 25 пайызга чейин кыскаргандыгын белгилей кетүүгө болот.  Ушуга байланыштуу эмгек акы калктын кирешелериндеги акчалай келип түшүүлөрдүн негизги статьясы (беренеси) болбой калган. Ал эми айыл чарбасында иш жүргүзгөн элдин 75 пайызы үчүн акчалай келип түшүүлөрдүн негизги булагы дыйкан (фермер) чарбасында иштөөдөн жана ишкердиктен түшкөн киреше болуп саналат.

Азыркы учурда, Улутстатком эл аралык уюмдардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан нускамага ылайык алар тарабынан толтурула турган эмгек боюнча  статистикалык отчеттуулуктун негизинде, юридикалык статусу бар ишканалардын жана уюмдардын жалданып иштеген кызматчыларынын гана орточо айлык эмгек акылары жөнүндө маалыматтарды чыгарат. Улутстаткомдун дарегине ай сайын  16 миңден ашык ишканалар жана уюмдар кызматчыларынын саны жана эмгек акы боюнча статистикалык отчеттуулукту беришет. 

Республиканын экономикалык ишмердигинин түрлөрү боюнча кызматчылардын бир айдагы орточо эмгек акысы 8,5 миңден 34,2 миң сомго чейин  көрсөтүлөт. 2018-жылдын январь-сентябрында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 15752 сомду түздү жана 2017-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу 6,3 пайызга көбөйдү.

Орточо айлык эмгек акынын эң жогорку деңгээли финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө иштеген кызматчыларда  -  34 248 сом, ошондой эле маалымат жана байланыш - 31 377 сом белгиленди.

Республика боюнча орточо деңгээлден төмөн эмгек акы искусство, оюн-зоок жана эс алуу кызматчыларында - 8 471 сом, саламаттыкты сактоо жана элди социалдык жактан тейлөө боюнча - 10 045 сом жана билим берүү боюнча - 11 094 сом жана башкалар белгиленди.  

Жогоруда келтирилген маалыматтардан көрүнүп тургандай, жалпы эмгек акынын орточо айлык өлчөмү ишмердиктин түрлөрү боюнча ар түрдүү. Мисалы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча эмгек акынын деңгээли экономикалык ишмердиктин башка түрлөрүнүн эмгек акы деңгээлине жетпейт. Бул социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кызматчыларынын эмгек акысы мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн шарттала тургандыгына байланыштуу болот, анткени, алардын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттин каржылоосунда турат.  

Улутстатком колдонуучуларды жеке өзүнүн пикирин колдонуу менен тигил же бул көрсөткүчтөр жөнүндө туура эмес шашылыш түрдө жыйынтыктарды жасабоого, жана колдонуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн анда республиканын экономикасынын  өнүгүүсүндөгү жана социалдык чөйрөсүндөгү ар түрдүү маселелер боюнча, тактап айтканда, эмгек жана эмгек акы статистикасы боюнча, ошондой эле көрсөткүчтөрдү эсептөө методологиясы боюнча деталдуу статистикалык маалыматтар жайгаштырыла турган Улутстаткомдун расмий сайтына (www.stat.kg) кайрылууга чакырат.


Акыркы жаңылоо: 26.11.2018, 10:23