Улутстатком эмгек боюнча статистикалык маалыматтарды мурунку эле форматта чогултууну улантат

Басылмалардын датасы: 03.05.2021


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети төмөнкү себептер боюнча №1-Т (айлык) формасы боюнча расмий статистикалык отчетторду чогултууну уланта турганы тууралуу жарыялайт.

"Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери жана аны толтуруунун жана тапшыруунун тартиби боюнча отчеттун формасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирген, 2021-жылдын 27-январындагы №24 токтомуна ылайык, чакан жана орто ишкердик субъектилеринен же коммерциялык эмес уюмдардан башка, чарба жүргүзүүчү субъекттер салык кызмат органдарына бирдиктүү отчет беришет.

Ведомстволук формаларды бириктирүү боюнча даярдык иштеринин жүрүшүндө салык кызматынын үч формасын (киреше салыгы боюнча STI -134 формасы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттары боюнча эсептешүү ведомосту, эмгек статистикасы боюнча №1-Т (айлык) формасы), тактап айтканда - FORM STI-134-айлык, ошондой эле кварталдык мезгилдери менен STI-132, STI-133 формаларын алып салуу болжолдонгонун  маалымдайбыз.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ушул формаларды берүүнүн мөөнөттөрү менен  байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы, акыркы эки форманы бириктирүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берген жок. Натыйжада, "Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчет" бириктирилген FORM STI-161 формасы чакан жана орто бизнес ишканаларынын, ошондой эле коммерциялык уюмдардын кызматкерлеринин санын жана субъекттеринин эмгек акысын статистикалык эсепке алуусун толук өлчөмдө камтыбайт, бул 24 миңден ашык чарбалык субъекттерди түзөт.

Мындан тышкары, №1-T (айлык) жана FORM STI-134-айлык формаларынын маалыматтар базаларын салыштыруу боюнча алдын-ала иштердин жүрүшүндө жүргүзүлгөн талдоо, Улутстатком тарабынан да, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы тарабынан да, чарба жүргүзүүчү субъекттердин санында олуттуу айырмачылыкты аныктады.

«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, расмий статистикалык маалыматты жүргүзүүчүлөр өткөн мезгил менен көрсөткүчтөрдүн салыштыруучулугун (б.а. динамикадагы өнүгүү тенденцияларын), ошондой эле  эсепке алуу субъекттеринин толук камтуусун да болжолдогон расмий статистикалык маалыматтын сапатын камсыз кылууга милдеттүүлүгүн көңүлгө алуу менен Улутстатком, эгерде, маалыматтардын жетиштүү көлөмү жок болсо жана алар мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтардын болгон булактарынан алууга мүмкүн эмес болсо, булактарды тандоого жана керектүү маалыматтарды түздөн-түз респонденттерден чогултууга укуктуу.  

Жогоруда баяндалгандарга жараша, респонденттердин түйшүгүн азайтуу максатында, Улутстатком №1-T (айлык) формасынын респонденттеринин санын кыскартуу үчүн салык кызматынын административдик маалыматтарын (FORM STI-161, ошондой эле STI-132, STI-133 кварталдык мезгилдери менен) максималдуу пайдалануу боюнча иштерди андан ары улантууну пландаштырат.

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмү              | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    | тел. + 996 (312)  626076

 


Акыркы жаңылоо: 03.05.2021, 15:36