Улатстатком “Колдонуучуга тилектеш статистика” темасында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

Басылмалардын датасы: 31.10.2018


Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети “Колдонуучуга тилектеш статистика” темасында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Улуттук статистика комитети жыл сайын октябрь айынын аягында Ачык эшиктер күнүн өткөрөт. Бул иш-чаранын негизги максаты, калк, коомчулук, өлкөнүн экономикасы жана маданияты жөнүндө кеңири коомчулукка маалымат берүү болуп саналат,  бул пайдалануучулар  менен диалогду, бериле турган статистика маалыматынын сапатын жакшыртууга жана статистикага болгон ишенимди жогорулатууга көмөктөшөт.

Иш-чарада саламдашуу менен, Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Люксина Айгуфова сөз сүйлөп, мамлекеттик статистиканын борбордук максаттарынын бири - бардык категориялардагы колдонуучуларга статистикалык маалыматка бирдей жеткилик берүү жана алардын ишенимин жогорулатуу болуп эсептелерин белгиледи. Улуттук статистика комитети, берилип жаткан статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу жана аны ыңгайлаштыруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Иш-чара министирликтердин жана административдик мекемелердин, окуу жайларынын, массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун, ошондой эле, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү.

Иш чаранын катышуучуларына Улутстаткомдун кызматкерлери алдыда өтө турган Эл жана турак жай фондун каттоого карата даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө маалымат берилди, ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына республиканын аймактары жана өлкөнүн өнүгүшүнө алардын кошкон салымы, республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара иш-аракеттери, Кыргыз Республикасындагы жакырчылык, улуттук деңгээлде Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын индикаторлорунун адаптациясы жана мониторинги, ошондой эле катышуучуларды кызыктырган башка маалыматтар жөнүндө кызыктуу маалыматтар камтылган бир катар презентациялар көрсөтүлдү.    

Жалпысынан, көрсөтүлгөн презентациялар боюнча катышуучулар пикир алмашып, конструктивдүү жана билим арттыруучу диалог жүрүп, иш чара жылуу жана достук маанайда өттү.

Презентациялар:

Эл каттоо: Кыргызстанда ар бир адам маанилүү

Кыргыз Республикасынын региондору жана өлкөнүн өнүгүүсүнө алардын кошкон салымы

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге интеграциясы: цифралар жана фактылар

Кыргыз Республикасындагы жакырчылык

Туруктуу өнүктүрүү максаттары: улуттук деңгээлде индикаторлордун адаптациясы жана мониторинги

Ички дүң продукт, өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн көрсөткүчү

Баалар жана тарифтер

Толук маалымат алуу үчүн же интервью уюштуруу маселелери боюнча пресс-катчы Борис Анисович Арабаевге, тел.: 62 57 47, e-mail: smi_nsc @stat.kg кайрылсаңыздар болот.

Катышууну тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg, svodnsc@stat.kg жазыңыздар.

****

Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистика системасы, өлкөнүн эң маанилүү мамлекеттик маалыматтар системасынын бири катары экономика рыногунун заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын  социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылып турат.   

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

Биз байланыштабыз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747


Акыркы жаңылоо: 31.10.2018, 15:28