Улутстатком мамлекеттик органдардын катышуусу менен онлайн-семинар өткөрдү

Басылмалардын датасы: 03.03.2021


2021-жылдын 3-мартында УлутстаткомдоCovid-19дун Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына тийгизген таасири” кластердик сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча онлайн семинар өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аппарат жетекчиси Эльмира Алымкулова, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондунун өкүлү Кристин Жольм, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Улутстатком  Бириккен Улуттар Уюмунун балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) каржылык жана техникалык колдоосунун алдында 2020-жылдын ноябрь-декабрында жүргүзүлгөн Covid-19дун Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына тийгизген таасири боюнча сурамжылоонун жыйынтыктары менен бөлүштү. Сурамжылоодо белгилүү болгондой, Covid-19дан республиканын 76% үй чарбасы жабыр тарткан.

Мындан тышкары, Улутстаткомдун эксперттери энени жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды коргоо боюнча, кичүү жаштагы балдарды өнүктүрүү жана билим берүү, ошондой эле Covid-19дан сактануунун чаралары тууралуу доклад даярдашты.

Балдардын жана аялдардын абалына COVID-19 тийгизген таасири боюнча Кластердик сурамжылоо

Кластерный опрос «Воздействие COVID19 на положение детей и женщин»

Follow-up Survey on Covid-19 impact on children and women in Kyrgyzstan

 


Акыркы жаңылоо: 05.03.2021, 13:54