Улуттук статком ТӨМдүн көрсөткүчтөрүн даярдоонун статистикалык потенциалын баалоо боюнча семинар өткөрдү (ФАО координациясы алдында)

Басылмалардын датасы: 15.11.2019


 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарбасы уюмунун колдоосу менен, 15-ноябрда Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарынын  (ТӨМ) көрсөткүчтөрүн даярдоо боюнча (ФАОнун координациясы алдында) статистикалык потенциалды баалоонун жыйынтыктарын көрсөтүү үчүн семинар өткөрдү. Мындан тышкары эл аралык эксперт Заза Челидзе даярдаган “жол картасынын” долбоорун да талкуулоо болду.

Семинарга Финансы министрлигинин, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Жер, суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин, Улуттук илимдер академиясынын жана Улуттук банктын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын катышуучуларына Улуттук статкомдун төрагасынын биринчи орунбасары Н. А. Чуйков кайрылып, Кыргыз Республикасы 2040-жылга чейин кабыл алган Өнүгүүнүн улуттук стратегиясын туруктуу өнүктүрүү боюнча өз позициясын бекем карманаарын баса көрсөттү. Ошондой эле ТӨМдүн жетишкендиктерине мониторинг жасоо мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын жана жергиликтүү бийликтин биргелешкен иши аркылуу жана бул ишке бейөкмөт уюмдар менен эл аралык өнөктөштөрдү тартуу аркылуу ишке ашыруу да айтылды.

Семинарда  БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча уюмунун улуу статисти Георгий Квиникидзенин, аталган уюмдун ТӨМ индикаторлору боюнча консультанты Заза Челидзенин презентациялары  көрсөтүлдү.

Көрсөтүлгөн презентациялардын жыйынтыгы менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарбасы уюмунун координациясы алдындагы  ТӨМдүн көрсөткүчтөрүн Кыргызстан боюнча чыгаруунун “жол картасынын” долбоору да талкууланды.

 


Акыркы жаңылоо: 18.11.2019, 15:46