Улутстатком Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сабыр Жайылкановдун көз жумганына көңүл айтат

Басылмалардын датасы: 20.03.2020


Кечээ, 2020-жылдын 19-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды Суу айылында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сабыр Жайылканов көз жумду. Ал 95 жашка чыккан. Улутук статистика комитетинин жамааты ардагердин жашоо менен кош айтышканына байланыштуу Сабыр Жайылкановдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат. Сабыр Жайылканов баскынчы фашист күчтөрүнө каршы согушка катышып, азыркы күндө жашап жаткан муундун тытыктуу келечеги үчүн күрөшкөн.

“Улуу Жеңиштин жана 1941-1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата даярдык тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентиинин Указына ылайык, мамлекеттик органдарга согуш ардагерлерине кам көрүү тапшырмасы берилген. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үч согуш ардагерин кам көрүүгө алган. Анын бири маркум Сабыр Жайылканов болгон. 18 мартта Улутстаткомдун өкүлдөрү ардагердин үйүнө конокко барып, баарлашып, материалдык жардам тапшырган. Ардагер 8 уул-кыздуу, 80ге чукул небере,чөбөрө, кыдыра күткөн.

(Сүрөт 2020-жылдын 18-мартында тартылган. Ортодо – Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сабыр Жайылканов, оңдо – Улутстаткомдун матодикалык камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Бекен Кенжебаев, солдо – Ысык-Көл облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын башчысы Улан Искатов).

 


Акыркы жаңылоо: 20.03.2020, 16:24