Эл жана турак жай фондун пилоттук (сыноо иретиндеги) каттоо материалдарын иштетүүнү Улутстатком баштады

Басылмалардын датасы: 31.05.2019


Кыргыз Республикасында 2020-жылы алдыда боло турган эл жана турак жай фондун каттоонун документтерин жана уюштуруучулук- технологиялык камсыздоосун апробациядан (сынактан) өткөрүү  максатында 2019-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин Чүй облусунун аймагында эл жана турак жай фондун пилоттук (сыноо иретиндеги) каттоосу аяктады.

Пилоттук (сыноо иретиндеги) каттоонун каттоодон алынган материалдарын иштетүүнү уюштуруу боюнча иштерди камсыздоо үчүн 2019-жылдын 13-майынан тартып убактылуу  кызмат ордуна бир катар адистер - каттоо документтерин кабыл алуучу, код коюучу жана түзөтүүчү (корректировкалоочу) адистер кабыл алынган.  Пландаштырылган иштерди эки айдын ичинде бүтүрүү керек.

 

____________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү   

e-mail: r.chynybaeva@stat.kg    

тел. + 996 (312) 32 53 36


Акыркы жаңылоо: 31.05.2019, 15:19