Улутстатком Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү алкагындажергиликтүү өүн өзү башкаруу органдары өкүлдөрү менен бир катар жыйындарды өткөрдү

Басылмалардын датасы: 17.12.2021


Келерки жылдын март айында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү максатында Улуттук статистикалык комитет президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, калкты каттоого даярдоо боюнча штабдардын жетекчилеринин, ошондой эле райондордун акимдеринин орун басарларынын, шаарлардын вице - мэрлеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар көчмө жыйындарды уюштурду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Улутстаткомунун жетекчилиги мамлекеттик гана эмес, эл аралык мааниге ээ болгон, өлкө үчүн маанилүү чечимдерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга көмөктөшүүчү эл каттоонун республика үчүн маанисин баса белгилешти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл каттоону жүргүзүүнүн бардык этаптарында ага активдүү катышууну камсыздай турганына ишеним билдирилди.

Өз кезегинде жыйындын катышуучулары аймактагы эл каттоого даярдык көрүү боюнча аткарылган иштерге токтолуп, ошондой эле эл каттоочулардын коопсуздугун камсыздоо, аларды керектүү ресурстар, материалдар жана иштөө үчүн шарттар менен камсыз кылуу боюнча бир катар маселелерге токтолушту.


Акыркы жаңылоо: 17.12.2021, 17:19