Улутстатком алдыда өтө турган эл жана турак жай фондун улуттук каттоонун басылып чыга турган басылмаларынын форматы боюнча колдонуучулардан сунуштарды күтөт

Басылмалардын датасы: 08.12.2019


Азыркы учурда  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана анын ведомстволук уюмдары 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди  жүргүзүп жатышат. Эл каттоо - БУУнун сунушу боюнча ар бир 10 жылда бир өткөрүлө турган дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистиктери тарабынан жүргүзүлө турган ири масштабдуу изилдөө болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча 2020-жылдын раунду (2020-жылдын 23-мартына карата абалы боюнча) 2020-жылдын мартында, ал эми республиканын алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында - 2020-жылдын апрелинде өтөт.

Улутстаткомдун алдында анын жыйынтыктары боюнча алынган малыматтарды иштетүүгө, аналитикалык жалпылоого жана анын жыйынтыктарын колдонуучулардын кеңири чөйрөсү үчүн басып чыгарууга байланышкан иш-чаралар комплексин өткөрүү маселеси турат.

Бирок алдыда боло турган каттоонун жыйынтыктарынын планын жана форматын ойлонуштуруу убакыты азыркы мезгил болуп эсептелет. Мурдагы 1999-жылы жана 2009-жылы өткөрүлгөн улуттук эл жана турак жай фондун каттоолордун жыйынтыктары боюнча басылмалар кагаз түрүндө басылып чыккан. Азыркы учурда басылмаларды Excel форматында көп сандаган таблицалары менен электрондук варианттагы басылмаларды, ошондой эле инфографикаларды колдонуу менен анын негизги жыйынтыктары тууралуу буклеттерди даярдап чыгууга жана басылмалардын кайсы бир бөлүктөрүн кагаз вариантында калтырууга мүмкүнчүлүк пайда болду.   

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети колдонуучулардын ой-пикирлери боюнча, алдыда өтө турган эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктары боюнча басылып чыга турган болжолдуу басылмаларды жайылтуунун ыңгайлуураак болуп саналган форматын талкуулоого катышууну сунуштайт.  

Өзүңүздөрдүн каалоо-тилектериңизди Улутстаткомдун статистикалык каттоолор бөлүмүнүн кызматкерлеринин электрондук почталарына жиберсеңиздер болот: r.chynybaeva@stat.kg; l.torgasheva@stat.kg; ATukasheva@stat.kg; elkattoo2020@gmail.com.   

_________________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү: e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;    тел. + 996 (312) 325336.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика ж¼н³нд¼” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.01.2020, 14:17