Кыргыз Республикасынын Улутстаткому тарабынан 2017-жылдын башына карата туруктуу калктын саны жөнүндө аналитикалык материал даярдалды

Басылмалардын датасы: 01.08.2017


2017-жылдын башына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны баалоо боюнча 6 млн. 140 миң адамды түздү, калктын үчтөн бири (33,8 пайызы) шаар жерлеринде жана үчтөн экиси (66,2 пайызы) – айыл жерлеринде жашашкан. Ошол эле убакта КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө шаар калкынын басымдуу болушу мүнөздүү. Ошентип айыл калкынын үлүшү боюнча Кыргызстан агрардык өлкөлөрдүн санына кирет.  

2016-жылдагы республиканын калкынын санынын өсүү темпи 2,0 пайызды түздү, бул дүйнөлүк өлчөм боюнча бир топ жогору болуп саналат. Эң жогорку көрсөткүч Бишкек жана Ош шаарларында, Баткен жана Ош облустарында – 2,2-2,3 пайыз, төмөнкү көрсөткүч – Нарын жана Ысык-Көл облустарында - 1,2-1,4 пайыз белгиленди (1-таблица).

1-таблица: 2016-2017-жылдардын башына карата туруктуу калктын саны жана 2016-жылдагы аймактар боюнча калктын санынын өсүүсү

 

Туруктуу калктын саны, миң адам

2016-ж. калктын санынын өсүүсү

анын ичинде, %

 

2016-ж.
1-январына карата

2017-ж.
1-январына карата

миң адам

%

табигый

өсүүнүн эсебинен

миграциялык өсүүнүн эсебинен, кетүү агымынын эсебинен (-)

Кыргыз Республикасы

6019,5

6140,2

120,7

2,0

2,1

-0,1

Баткен облусу

492,6

503,5

10,9

2,2

2,4

-0,2

Жалал-Абад облусу

1146,5

1168,7

22,2

1,9

2,1

-0,2

Ысык-Көл облусу

470,1

476,8

6,7

1,4

1,7

-0,3

Нарын облусу

277,6

281,0

3,4

1,2

1,7

-0,5

Ош облусу

1259,7

1287,5

27,8

2,2

2,4

-0,2

Талас облусу

251,3

255,2

3,9

1,6

2,1

-0,5

Чүй облусу

887,5

905,2

17,7

2,0

1,9

0,1

Бишкек ш.

958,5

980,4

21,9

2,3

1,9

0,4

Ош ш.

275,7

281,9

6,2

2,2

2,1

0,1

 

Республиканын калкынын жалпы санында аялдар басымдуулук кылат. 2017-ж. башына карата 3 млн. 42 миң адамды (49,6 пайыз) эркектер жана 3 млн. 98 миңди (50,4 пайыз) – аялдар түздү. Бирок төрөлүү көп болгон региондордо (Баткен,
Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Талас облустары) эркектин саны аялдын санынан ашат.

БУУнун шкаласына ылайык эгерде бардык калктагы 65 жаш жана андан улуу курактагы адамдардын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет; эгерде 4 пайыздан 7 пайызга чейинки интервалда болсо – калк карылык алдында; эгерде 7 пайыздан жогору болсо – картайган калк деп эсептелет. Кыргызстандын калкы бара-бара карылык деңгээлине жакындап бара жатат: 2017-ж. башына карата 65 жаш жана андан улуу куракта 275,2 миң же кыргызстандыктардын 4,5 пайызы болушкан, бул башка өлкөлөрдүн көрсөткүчүнөн олуттуу төмөн (мисалы, 2016-ж. башына карата Казакстан - 7 пайызга, Молдова – 11 пайыз, Россия – 14 пайыз, Украина – 16 пайызга). Ал эми Кыргызстанда БУУнун божомолу боюнча бул тенденция болжол менен 2030-ж. карыган адамдардын саны дээрлик эки эсе көбөйгөндө билинет.

6 млн. 140 миң адамдын ичинен 2 млн. 64 миң адамды (калктын жалпы санынын 33,6 пайызын) балдар жана өспүрүмдөр түздү, 3 млн. 628 миң адамды (59,1 пайызын) – эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдар жана 448 миң адамды (7,3 пайызын) – эмгекке жөндөмдүү курактан улуу адамдар түздү.

Ар түрдүү жыныстагы адамдардын үлүшү болжол менен 40 жашта белгиленет жана 80 жаштан улуу курактагы аялдардын саны эркектердин санынан дээрлик 2 эсеге көп (бул басымдуулук негизинен эркектердин жана аялдардын курактык өлүмүндөгү айырмачылыктар менен шартталды).

Кыргызстандын калкынын орточо курагы акырындык менен көбөйүп, 2016-ж. башына карата эки жыныс үчүн тең 27,5 жашты, эркектер - 26,5, аялдар – 28,4 жашты түздү. Эң эле жаш калк Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында – 26 жаш, эң эле улуу калк - Бишкек шаарында жана Чүй облусунда – эки жыныс үчүн тең 30 жашка жакыны жашашат.

Азыркы убакта эмгекке жөндөмдүү жана эмгекке жөндөмсүз курактагы калктын санынын катышы өзгөрүлдү, мында демографиялык жүктөмдүн коэффициенти (эмгекке жөндөмдүү курактагы калктын 1000ине жаш, ошондой эле эмгекке жөндөмдүү курактан улуу калктын санынын катышы) көбөйүп, 2016-ж. аягына карата 692 адамды түздү. Эң жогорку көрсөткүч Нарын жана Талас облустарында (777-811 адам), эң төмөн – Ош жана Бишкек шаарларында (589-590 адам) катталды.

Эмиграциянын, ошондой эле табигый жаңылануунун натыйжасында калктын улуттук курамында өзгөрүүлөр болду. Кыргыздардын, өзбектердин жана башка улуттардын үлүшү көбөйүп, орустардын, украиндердин, белорустардын, еврейлердин, немецтердин жана башкалардын үлүшү төмөндөдү. Бирок 1990-жылдардагы, 2000-жылдардын башындагы эмиграциянын жогорку деңгээлине карабастан өлкөдө тарыхый жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү сакталып калды. Кыргызстанда бардыгы болуп 100дөн ашык улут жашайт, анын ичинен эң эле (2016-ж. аягына карата маалыматтар боюнча) кыргыздар – 4 млн. 493 миң адам (калктын жалпы санынын 73,2 пайызы), өзбектер – 898миң адам (14,6 пайыз) жана орустар – 357 миң адам (5,8 пайыз) көп.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмү  

            e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;    тел. + 996 (312) 325336.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 01.08.2017, 11:53