Улутстатком тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен «Электрондук Аймак» Бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү жана ишке киргизүү боюнча өз ара кы

Басылмалардын датасы: 21.06.2019


"2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформация концепциясынын Жол картасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улутстаткому тарабынан "Электрондук Аймак" Бирдиктүү маалымат системасын түзүү жана ишке киргизүү боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандуму түзүлдү.

Маалымат системасын түзүү,  министирликтердин жана ведомстволордун болгон маалыматтык системалары жана министирликтердин жана административдик ведомстволордун болгон маалыматтык базалары менен "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара иштер системасы аркылуу мамлекеттик башкаруу системасында жана ведомстволор аралык кызматташууда электрондук өкмөттүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берет.   

"Электрондук Аймак" маалымат системасын түзүүнүн натыйжасында, Улутстатком, ошондой эле башка министрликтер жана административдик ведомстволор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде чоң көлөмдөгү маалыматтарга жете алышат, бул региондорду өнүктүрүүдө экономикалык, социалдык жана демографиялык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу максатында аларга талдоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Акыркы жаңылоо: 21.06.2019, 11:38