Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө эң көп бериле турган суроолор

Басылмалардын датасы: 20.12.2019


Эл каттоо эмне үчүн керек?

Каттоо - бул документтерди сурабастан респонденттердин сөздөрүнөн калктын бардык мүнөздөмөлөрүн бир эле убакта алууга мүмүкүндүк берүүчү жалгыз булак болуп саналат. Ал эми эң башкысы, алынган маалыматтар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечегин аныктоо үчүн керек. 

Ар бир каттоонун жыйынтыктары демографиялык, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдорун түзүүгө, алар  эмгек ресуртарын жайгаштырууга байланышкан керектүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга; бюджетти түзүүгө, анын ичинде  саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, маданиятка жана спортко керектүү каражаттарды бөлүп берүүгө мүмкүндүк  берет. Ошондой эле, республиканын шаарларында жана региондорунда инфратүзүмдү куруу да эл каттоо учурунда алынган маалыматтарга жараша болот.

 

Респонденттер өздөрүнүн маалыматтарынын ишенимдүү корголгондугуна ишенишсе болобу?

Эл каттоонун жүрүшүндө респонденттерден алынган жеке маалыматтар таркатууга (жайылтууга), анын ичинде мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга берүүгө жатпайт, жана ал маалыматтар жыйынтык маалыматтарды түзүү үчүн гана колдонулат.

Маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо боюнча милдеттенме  жарандык-укуктук  келишимдерде жана каттоо барактарына жетүү мүмкүнчүлүгү бар кампаниялардын бардык катышуучуларынын кызматтык нускамаларында каралат. Бул принциптин бузулушу республиканын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.

 

 

Статистикалык каттоолор бөлүмү       e-mail: r.chynybaeva@stat.kg         тел. + 996 (312) 32 53 36

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчү жабдыктарда таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.12.2019, 11:14