Норвегиянын эксперттери статистикалык өндүрүшү боюнча тажырыйба алмашат

Басылмалардын датасы: 09.06.2021


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  Кыргыз Республикасындагы Калк конуштары жаатында Бириккен Улуттар Уюмунун Фонду (ЮНФПА) жана Норвегиянын Статистика башкармалыгы (SSB) менен биргеликте Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн колдоосу алдында Бишкек шаарында “КЫРГЫЗСТАТ”: Демографиялык маалыматтарды топтоо, талдоо жана жайылтуу жаатында Кыргыз Республикасынын статистика системасын чыңдоо» долбоорун иштетүүнүн алкагында калк регистрлеринин негизинде статистика жүргүзүүнүн норвегия системасы боюнча семинарын өткөрдү.

Семинардын ишине Улутстаткомдун, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, КР Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, ошондой эле эл аралык эксперттер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Семинардын негизги максаттары «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына ийгиликтүү киргизүү максатында улуттук статистика системасынын потенциалын жогорулатуу, келечекте аны Кыргызстанда ишке киргизүү үчүн статистика өндүрүшүнүн норвегия системасынын тажрыйбасынын мисалында калктын бирдиктүү регистрин түзүү боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен таанышуу болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Норвегиядагы калк конуштары статистикасы үчүн негиз катары Калктын борбордук регистрин түзүүнүн жана кеңири колдонуунун  негизги элементтери жөнүндө маалымат алышты.

_____________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 09.06.2021, 15:30