2019-жылдын январь-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын экономикасына банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын кредиттери жөнүндө

Басылмалардын датасы: 05.12.2019


2019-жылдын январь-сентябрында 25 коммерциялык банк жана 587 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм (БФКУ) иш жүргүздү.

2019-жылдын 9 айында алар тарабынан 105,9 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, анын ичинде коммерциялык банктар менен - 81,8 млрд. сом жана БФКУ менен - 24,1 млрд. сом. Кредит берүүнүн негизги багыттары соода чөйрөсү, айыл чарбасы жана керектөө муктаждыктары болду.

Суммардык кредиттик портфели 2019-жылдын 1-октябрына карата 165,7 млрд. сомго жетти, мында банктардын кредиттери анын көлөмүнүн 86,5 пайызын же 143,3 млрд. сомун түздү.

Банктын кредиттик салымдарынын басымдуу көлөмү соода чөйрөсү (кредиттердин жалпы көлөмүнүн 26,1 пайызы) жана айыл чарбасы (19,3 пайызы)  кредиттерине  туура келди. Керектөө муктаждыктарына кредиттик портфелинин 11,1 пайызы, ипотека максаттарына – 10,1 пайызы, курулушка – 9,4 пайызы жана өнөр жайга – 8,2 пайызы багытталды.

БФКУнын кредиттик салымдары 2019-жылдын 1-октябрына карата 22,4 млрд. сомду түздү. Алардын негизги көлөмү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кредит  берүүгө (27,7 пайыз), керектөө кредиттерине (27,4 пайыз), соода чөйрөсүнө (13,1 пайыз) жана курулушка (10,3 пайыз) туура келди.

Банк секторунда, ошондой эле БФКУдагы бир жылдан ашык мөөнөттөгү узак мөөнөттүү кредит берүү талап кылынат. Банк сегментинде мындай кредиттердин үлүшү жалпы кредиттердин суммасынын 90,5 пайызын, БФКУ секторунда - 62,1 пайызды түздү.

Жалпы банктардын кредиттеринин көлөмүндө жеке адамдарга кредит берүү үлүшү 48,7 пайызын (69,8 млрд. сомун) түздү, ал эми БФКУ секторунда – 93,5 пайызын (20,9 млрд. сомун), бул алардын кредиттеринин жеткиликтүү болушу менен жана БФКУ секторунун калкты тейлөө багытын көрсөтөт.

График: 2019-жылдын январь-сентябрындагы банктардын жана БФКУнун кредиттери

Кредиттик ресурстардын бөлүштүрүү регионалдык түзүлүшүндө кредиттердин негизги бөлүгү Бишкек ш. зайымчыларына берилген, алардын үлүшүнө  банктардын кредиттик портфелинин көлөмүнүн 54 пайызы жана БФКУ тарабынан берилген кредиттердин 27 пайызы туура келди. Ош облусунун жана Ош ш., Жалал-Абад жана Чуй облусунун зайымчылары бир топ активдүү болушту.

___________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                      |тел. + 996 (312)  626070

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 05.12.2019, 11:40