Сүт жана сүт азыктарын экспорттоо көлөмү 2 эсе өстү

Басылмалардын датасы: 08.06.2021


   Бул тууралуу акыркы жылдары сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү жөнүндө маалымат күбөлөндүрүп турат. 2020-жылы 2016-жылга салыштырмалуу экспорттук жөнөтүүлөрүнүн жалпы көлөмү 2 эсеге көбөйдү жана жалпы суммасы 46 млн. долларга, дээрлик 35 миң тоннага жетти.

Сүт азыктарынын экспорту
(миң тонна)

Азыркы учурда сырткы рынокко негизги сүт жана сүт азыктарынан ак май (товардык көлөмдүн 37 пайызы), сырлар жана быштак (21 пайыз), сүт жана суюк, кургак каймак (17 пайыз), ошондой эле сүт жана суюк каймак (13 пайыз)  кычкыл сүт азыктары (болжол менен 11 пайыз) жөнөтүлүүдө.

Сүт азыктары экспортко, негизинен Казакстанга жөнөтүлдү, коңшу өлкөгө 2020-жылы 24,1 млн. долларга продукция жиберилсе, бул продукциянын экспортунун жалпы көлөмүндө 52 пайыздан ашыгын түзөт, ошондой эле Россияга (21,0 млн. долларга же 46 пайызга жакын) жөнөтүлгөн. Сүт жана сүт азыктары Өзбекстан (705 миң АКШ долларына) жана Тажикстан (217 миң АКШ долларына) сыяктуу өлкөлөргө да экспорттолот.

Кыргыз Республикасынын сүт жана сүт азыктарынын экспорту

Жылдар

Бардыгы

алардын ичинен негизги өнөктөш-өлкөлөр боюнча

Казакстан

Россия

Өзбекстан

Тажикстан

Миң доллар

2016

22 610,2

10 862,5

11 717,5

-

29,4

2017

33 971,1

20 922,6

12 965,5

0,2

78,0

2018

31 663,4

15 875,5

14 889,9

596,8

286,0

2019

45 404,1

16 057,0

28 889,7

298,5

143,6

2020

46 086,7

24 084,0

21 043,4

704,5

217,1

Өткөн жылга карата пайыз менен

2016

83,2

46,4

-

-

2,0

2017

150,2

192,6

110,7

-

265,3

2018

93,2

75,9

114,8

-

366,7

2019

143,4

101,1

194,0

50,0

50,2

2020

101,5

150,0

72,8

236,0

151,2

 

______________________________________________________

Тышкы соода статистикасы бөлүмү | e-mail:gsulaimanova@stat.kg / Тел. +996 (312) 324726

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 08.06.2021, 16:47