Эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды

Басылмалардын датасы: 20.01.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Республикада эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдык көрүү максатында Ош жана Жалал-Абад облустарында Улутстаткомдун төрагасынын орун басарынын жана каттоого даярдык көрүү боюнча штабдын жетекчилеринин, ошондой эле райондордун акимдеринин орун басарлары, шаарлардын вице-мэрлеринин жана аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө кеңешмелерди уюштурду.

Жыйындын катышуучулары аймакта эл каттоого даярдык көрүү боюнча жасалган иштер жөнүндө айтып беришти, ошондой эле каттоочулардын коопсуздугун камсыздоо, аларды керектүү ресурстар, материалдар жана иштерди аткаруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча бир катар маселелерди көтөрүштү.

     

     

   

   

 

 


Акыркы жаңылоо: 20.01.2022, 16:25