2020-жылдын июлундагы социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын чекене бааларынын обзору. ЕАЭБ мамлекеттеринин борборлору боюнча кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 20.08.2020


Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын июлундагы ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо керектөө баалары, картошканы кошпогондо, Москва шаарында катталды.

Таблица: 2020-жылдын июлунда Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

4,63

5,10

5,93

3,95

Койдун эти

4,40

6,20

7,37

-

Ак (каймак) май

4,08

6,68

11,82

7,31

Пастеризацияланган сүт, литр

0,70

0,72

1,03

0,63

Жумуртка, ондук

0,97

0,83

1,03

0,96

Биринчи сорттогу буудай уну

0,52

0,60

0,64

0,52

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,58

0,36

0,85

0,53

Картошка

0,38

0,47

0,54

0,57

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.

(-) - Өкүл - товардын жоктугу.

2020-жылдын июлунда картошкага болгон максималдуу орточо керектөө баа (1 килограмм үчүн 0,57 АКШ доллары) Минск шаарында, ал эми минималдуу баа (1 килограмм үчүн 0,38 АКШ доллары) - Бишкек шаарында белгиленген. Ушул эле мезгилде уй этинин эң  төмөн баасы (1 килограмм үчүн 3,95 АКШ доллары), пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,63 АКШ доллары) - Минск шаарында, биринчи сорттогу ундан жасалган нанга (1 килограмм үчүн 0,36 АКШ доллары) – Нур-Султан шаарында байкалды. Биринчи сорттогу унга минималдуу баалар (1 килограмм үчүн 0,52 АКШ доллары) Бишкек шаарында жана Минск шаарында катталган.

График: 2020-жылдын июлунда Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары)

2020-жылдын июлунда орточо керектөө бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Минск шаарында – 10,0 пайызга, уй этине – 14,7 пайызга,  ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында - 37,9 пайызга, Минск шаарында - 8,6 пайызга байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү. Муну менен бирге, 2020-жылдын июлунда жумурткага болгон орточо  баалар Бишкек шаарында Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 14,4 пайызга ашты.

Таблица: 2020-жылдын июлунда Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларындагы айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

110,2

128,1

85,3

Койдун эти

100

140,9

167,5

-

Ак (каймак) май

100

163,7

289,7

179,2

Пастеризацияланган сүт, литр

100

102,9

147,1

90,0

Жумуртка, ондук

100

85,6

106,2

99,0

Биринчи сорттогу буудай уну

100

115,4

123,1

100,0

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

62,1

146,6

91,4

Картошка

100

123,7

142,1

150,0

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

335,4

699,7

1 297,9

733,6

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

69,9

132,5

211,1

183,3

Койдун эти

73,7

109,0

169,9

-

Ак (каймак) май

79,3

101,2

105,9

99,1

Пастеризацияланган сүт, литр

461,4

941,8

1 211,1

1 150,4

Жумуртка, ондук

334,2

819,0

1 218,5

757,0

Биринчи сорттогу буудай уну

621,5

1 130,2

1 952,9

1 398,9

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

555,3

1 883,6

1 467,1

1 366,1

Картошка

854,9

1 448,9

2 317,6

1 267,1

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2020-ж июнундагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2020-ж. майындагы - Москва ш. боюнча,
2020-ж. 2-кварталындагы - Нурсултан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

 

Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) айрым борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай, 2020-жылдын июлундагы Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү алардын башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкектен 855 килограмм  картошка сатып алса болот, ал эми Москвада – 2,7 эсеге көп (2 318 килограмм). Нур-Султан шаарында бир айлык эмгек акыга 1,1 тонна, ал эми Бишкек шаарында – 1,8 эсе аз (622 килограмм) биринчи сорттогу унду сатып алса болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.

______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.08.2020, 18:09