2020-жылдын мартындагы социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын чекене бааларынын обзору. ЕАЭБ мамлекеттеринин борборлору боюнча кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 30.04.2020


      Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын мартында ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо керектөө баалары, картошканы кошпогондо, Москва шаарында катталды.

2020-жылдын мартында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары
(килограмм үчүн АКШ доллары*)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.**

Минск ш. **

Уйдун эти

4,90

4,72

5,45

3,58

Койдун эти

4,57

5,06

7,01

-

Ак (каймак) май

4,27

6,16

11,17

7,48

Пастеризацияланган сүт, литр

0,72

0,64

1,00

0,63

Жумуртка, ондук

1,03

0,78

0,98

1,04

Биринчи сорттогу буудай уну

0,52

0,53

0,57

0,52

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,60

0,33

0,81

0,53

Картошка

0,33

0,31

0,32

0,36

* Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
** Буудай унунун орточо керектөө баалары.
(-) - Өкүл - товардын жоктугу.

     2020-жылдын мартында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен картошкага болгон максималдуу орточо чекене баа (1 килограмм үчүн 0,36 АКШ доллары) Минск шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 0,31 АКШ доллары) - Нур-Султан шаарында белгиленген. Ушул эле мезгилде уй этинин э¾ т¼м¼н баасы (1 килограмм үчүн 3,58 АКШ доллары), пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,63 АКШ доллары) - Минск шаарында, биринчи сорттогу унга (1 килограмм үчүн 0,52 АКШ доллары) жана кой этинин (1 килограмм үчүн 4,57 АКШ доллары) - Бишкек шаарында байкалды.

2020-жылдын мартында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(килограмм үчүн АКШ доллары)

 

     2020-жылдын мартында орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Нур-Султан шаарында – 11,1 пайызга жана Минск шаарында – 12,5 пайызга, уй этине Минск шаарында – 26,9 пайызга, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында – 45,0 пайызга, Минск шаарында – 11,7 пайызга байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү. Муну менен бирге, 2020-жылдын мартында жумурткага болгон орточо керектөө баалар Бишкек шаарында Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 24,3 пайызга ашты.

2020-жылдын мартында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттеринин борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

96,3

111,2

73,1

Койдун эти

100

110,7

153,4

-

Ак (каймак) май

100

144,3

261,6

175,2

Пастеризацияланган сүт, литр

100

88,9

138,9

87,5

Жумуртка, ондук

100

75,7

95,1

101,0

Биринчи сорттогу буудай уну

100

101,9

109,6

100,0

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

55,0

135,0

88,3

Картошка

100

93,9

97,0

109,1

АКШ доллары менен*

Орточо айлык эмгек акы**

310,8

726,9

1 409,3

726,2

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

60,2

131,1

209,8

185,3

Койдун эти

64,6

122,1

163,0

-

Ак (каймак) май

69,1

100,3

102,3

88,6

Пастеризацияланган сүт, литр

409,5

965,2

1 141,2

1 054,0

Жумуртка, ондук

287,4

796,0

1 168,7

636,6

Биринчи сорттогу буудай уну

563,9

1 168,8

2 006,0

1 273,3

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

494,1

1 846,8

1 414,5

1 243,4

Картошка

896,7

2 022,0

3 562,3

1 850,7

* Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
** 2020-ж февралындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2020-ж. январындагы - Москва ш. боюнча,
2020-ж. 1-кварталындагы - Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

     Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттердин айрым борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай 2020-жылдын мартындагы Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү алардын башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкек шаарында 900 килограммга чейин картошка сатып алса болот, ал эми Москва шаарында – 4 эсеге көп (3 562,3 килограмм). Минск шаарында бир айлык эмгек акыга 1,3 тоннага, ал эми Бишкек шаарында – 2,3 эсеге аз (564 килограмм) биринчи сорттогу унду сатып алса болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.

______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 30.04.2020, 17:17