Covid-19дан республиканын 76% жакын үй чарбалары жабыркашты

Басылмалардын датасы: 18.02.2021


Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) каржылык жана техникалык колдоосунун алдында 2020-жылдын ноябрь-декабрында Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн Covid-19дун Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына тийгизген таасири боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун маалыматтары күбөлөндүрүп турат. Жүргүзүлгөн сурамжылоо өзүнө 2020-жылдын март айынан тарта сурамжылоо жүргүзүлгөн убакытка чейинки мезгилди камтыган. Таңдалып алынган 4310 үй чарба даректеринин ичинен 3976 үй чарбасы бар болгон, алардын ичинен 3869 анкетанын суроолоруна жооп беришкен.

Сурамжылоонун маалыматтарына ылайык  86% ашык үй чарбаларда 0-17 жаштагы балдары, дээрлик ар бир экинчи үй чарбасында кеминде бир 5 жашка чейинки балдары  барлар болгон.

Алар инфекциянын жайылып кетүүсүнөн улам жаралган кыйынчылыктардын кеминде бирине дуушар болуу менен жалпысынан үй чарбалардын 76% жакыны Covid-19дан жабыркаган: үй чарбада кирешелер төмөндөгөн, жана/же балдардын ата-энеси/камкордук көрүүчүсү онлайн окутуунун жүрүшү менен канааттанбаган, жана/же үй чарбанын бир мүчөсү коронавирусту жуктурган же каза болгон, же/жана үй чарбаларынын улуу мүчөлөрүнүн кимдир бирөөсү өзүн “өтө жана абдан” басыңкы, көңүлү чөгүнкү же коронавирустун жайылып кетүүсүнө байланыштуу жаңылыктардан, коркутуулардан жана чектөөлөрдөн улам өзүн үмүтсүз сезген, жана/же үй чарбалардын кеминде бир мүчөсү аргасыздан орун которууга мажбур болгон, жана/же саламаттыкты сактоо кызматтарына муктаж болгон, бирок кандайдыр бир себептерден улам аны ала алган эмес.

COVID-19дан жабыркаган үй чарбалар

(пайыз менен)

28% ашык үй чарбалар социалдык колдоо/жардам менен камтылган, алардын ичинен 79% ашыгы аны мамлекеттик структуралардан алган. 

20% ашык үй чарбалар COVID-19 байланыштуу эмоционалдык абалынын (маанайынын) начарлаганын белгилешти. Өтө басыңкы болуу жана/же уктоого байланыштуу кыйынчылыктар, жана/же үй бүлөдөгү пикир келишпестиктер жана тартышуулар менен мүнөздөлгөн тынчсыздануу, коркуу шаарларда ар бир төртүнчү жана айыл жергесинде дээрлик ар бир алтынчы үй чарбада белгиленди.

Сурамжылоонун маалыматтарына ылайык, акыркы жылы тирүү бала төрөгөн 15-49 жаштагы аялдардын 100%на төрөттөн кийинки байкоолор жүргүзүлгөн, ал эми төрөткө чейинки жардамдар көпчүлүк учурларда (84% жакыны) дарыгерлер жана 16% дан ашыгы медайымдар, акушерлер жана фельдшерлер тарабынан көрсөтүлгөн.

Акыркы 12 айда тирүү бала төрөгөн аялдардын 89% кеминде төрт жолу төрөткө чейинки байкоодон өтүшкөн.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 99,8% төрөлгөндөн кийинки алгачкы 2 күнүндө минимум 2 жолу жашоонун маанилүү байкоо жүргүзүүсүн алышкан.

Төрөгөн аялдардын 65% га жакыны бала төрөлгөндөн кийин 12 сааттан 4 күнгө чейин медициналык мекемеде болушкан. Ошол эле учурда, медициналык мекемеден чыккандан кийин төрөттөн кийинки байкоо жүргүзүү үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 11% гана биринчи 2 күнүндө, ал эми 47% - биринчи 6 күнүндө байкоо үчүн барылган.

Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй,  2-4 жаштагы балдарды эрте стимулдоо жана сезимтал камкордук көрсөтүү негизинен үй-бүлөнүн бардык эле улуу мүчөлөрү тарабынан жасалат (94,7%), бирок атанын катышуусу (12,6%) өтө эле чектелүү болуп келет. Эрте окутуу программаларына катышкан 3-4 жаштагы балдардын пайыздык үлүшү 7,1 пайызды түздү. Бирок, шаарларда бул көрсөткүч 11 пайызды, ал эми айыл жерлеринде 5 пайыздан ашыгын түзөт. 15% жакын 5 жашка чейинки балдар акыркы жуманын ичинде, бир сааттан көп убакытка жалгыз калтырылган же 10 жаштан кичүү башка бир баланын кароосунда кеминде бир жолу калтырылган.

Коронавирус жайылып кеткенге чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган, мектепке чейинки курактагы балдардын санынан 29% жакыны өнүгүү үчүн сунушталган телевизиондук программаларды жана санариптик платформаларды колдонушкан.

Аралыктан окутууга 7-17 жаштагы балдардын 83% жакыны камтылган. Онлайн окутуу процессине ата-энелери канааттанбаган балдардын үлүшү 78 пайызды түздү.

Онлайн окутуу процесси менен канааттанбагандыктын себептери

 (пайыз менен)

Алардын ата-энелери COVID-19 инфекциясын жуктуруп алуу тобокелдигин азайтуу максатында, андан сактануу чараларын колдонууну алар менен талкуулаган балдардын үлүшү 98,4 пайызды түздү.

Бала менен талкууланган сактануу чаралары

 (пайыз менен)

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети коронавирус инфекциясынын калкка болгон таасирин изилдөө алкагында “Үй чарбасына COVID-19 пандемиясынын тийгизген таасири жөнүндө” жана «Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына COVID-19 тийгизген таасири» аттуу эки көз карандысыз сурамжылоо жүргүзүлгөнүн билдирет. Ар бир сурамжылоого эркин таңдоо жана жеке суроолор тизмеги колдонулду.

«Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына COVID-19 тийгизген таасири» боюнча сурамжылоо, пандемия жайылган учурдагы энени жана ымыркайды төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки байкоо жүргүзүү менен камтууну, баланын эрте өнүгүүсүн, балдардын билим алуусун деталдуу изилдөөгө багытталган, ошондой эле үй чарбалардын материалдык абалы жана социалдык колдоо жана COVID-19ду жуктуруп алуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында балдарга алдын алуу чараларын үйрөтүү боюнча суроолорду изилдөөгө багытталган.

Үй чарбасы - турак жайда чогуу жашаган жана өз каражаттарын толук же жарым жартылай бириктирүү же чыгымдоо менен жалпы чарбалыкты жүргүзүү үчүн өздөрүн тиричиликке керектүү бардык нерселер менен камсыз кылган адам же адамдардын тобу. Бул адамдар никелик-үй-бүлөлүк, бир туугандык мамиле менен байланышкан же болбосо андай туугандык мамилелерсиз эле байланышкан болушу мүмкүн.

 

____________________________________________________________________________________________________

Үй чарбалар статистиксы бөлүмү

|   e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

 

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамынын 30-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 22.02.2021, 16:40