2018-жылдын I жарым жылдыгындагы Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкерлик ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү

Басылмалардын датасы: 07.09.2018


Кыргыз Республикасынын аймактарында 2018-ж. январь-июнунда 10,9 миң ишканалар иштеген, анын ичинен 10,2 миңи чакан ишканалар, 0,7 миңи орто ишканалар.  Ишканаладын 60 пайызга жакыны өзүнүн ишмердиктерин Бишкек ш. жүргүзөт.

2018-жылдын 1-июлуна карата Статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны  396,1 миң бирдикти түздү,  өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу алардын саны 2,8 пайызга өстү. 

2018-ж. январь-июнунда чакан жана орто ишкердик чөйрөсүндө (дыйкан жана фермер чарбасын кошпогондо) иштегендердин саны 81,2 миң адамды түздү.

2018-жылдын январь-июнунун жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкерлик субъекттер тарабынан өндүрүлгөн дүң кошулган наркынын көлөмү 72,3 млрд. сом өлчөмүндө түзүлгөн (ИДПга карата 33,9 пайыз), 2017-жылдын январь-июнунун көлөмүнөн 8,6 пайызга көбүрөөк (66,6 млрд. сом, же ИДПга карата 32,5 пайыз). Дүң кошулган наркынын көлөмүнүн үлүшүнүн көбөйүүсү дүң жана чекене соода тармагында 0,6 пайыздык пунктка, өнөр жай тармагында – 0,5 пайыздык пунктка, курулуш жана айыл чарба тармактарында - 0,2 пайыздык пунктка өсүшү менен шартталды.

2018-жылдын январь-июнунда чакан жана орто ишкерлик субъекттердин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 23 млрд. сомду түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 2,1 пайызга көп. Ушул эле учурда, 2017-ж. январь-июнуна салыштырганда өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндөгү алардын салыштырма салмагы 21,1 пайызды (2017-ж. январь-июнунда - 19,0 пайыз) түздү.

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырганда чакан өнөр жай ишканаларынын өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүшү, Нарын облусунан башка, республиканын бардык региондорунда белгиленди. Орто ишканалар тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмдөрүнүн өсүшү Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында,   белгиленди, ал эми калган аймактарда төмөндөөсү белгиленди. Ал эми жеке ишкерлерди алганда, анда 2017-жылдын январь-июнуна салыштырганда  алар тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмдөрү, Талас облусунан (1,8 пайызга төмөндөгөн) башка, республиканын бардык региондорунда көбөйдү.

Чакан жана орто ишкерликтин субъекттери тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү 2018-ж. январь-июнунда 2017-ж. январь-июнуна салыштырганда 15,5 пайызга  көбөйдү. Муну менен бирге кичи ишканаларда жана жеке ишкерлердин иштеринин көлөмдөрүнүн өсүшү байкалды, ал эми орто ишканаларда алар, тескерисинче, төмөндөдү.

Бардык региондордо, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан башка, подряддык иштердин бардык көлөмү чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан аткарылган.

Чакан жана орто ишкердик субъекттеринин дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2018-ж. январь-июнунда 167,0 млрд. сом өлчөмүндө түзүлгөн, бул 2017-ж. январь-июнуна караганда 6,2 пайызга көп. Чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшү республика боюнча анын жалпы көлөмүндө 89,5 пайызды түзгөн, анын ичинен негизги үлүш (46,5 пайызы) жеке ишкерлерге туура келген. Чакан ишканалардын үлүшү республика боюнча соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 32,9 пайызын, орто ишканалар – 10,1 пайызын түзгөн.

2018-ж. январь-июнунда мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 7,5 млрд. сомду түзгөн. Жеке ишкерлер көрсөткөн кызматтардын үлүшү алардын жалпы көлөмүнүн 72,5 пайызын, чакан ишканалар – 20,4 пайызын, орто ишканалар - 2,2 пайызын түзгөн.

Айыл чарбасында (дыйкан (фермер) чарбаларын кошкондо) ишмердигин жүргүзгөн чакан жана орто ишкерлик субъекттери тарабынан 2018-жылдын I жарым жылдыгында 55,6 млрд. сомго продукция өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине  караганда 1,6 пайызга көп.

Чакан жана орто ишкерлик продукцияларынын дүң чыгарылышынын түзүмүндөгү 50,4 пайызы дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукцияларга туура келген.

Жеке ишкерлерди кошкондо дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукциялардын жалпы көлөмүнөн январь-июнунда өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясынын үлүшүнө 19,3  пайызы, мал чарба продукциясынын үлүшүнө – 79,4 пайызы туура келген. Үстүдөгү жылдын январь-июнунда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмүнүн өсүүсү мал чарба тармагынын продукцияларын өндүрүүнүн жогорулашы менен шартталды.

2018-жылдын I жарым жылдыгында чакан жана орто ишканалар тарабынан (дыйкан (фермер) чарбаларын жана жеке ишкерлерди кошпогондо) 48,3 млрд. сом продукцияларды (товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат (дүң киреше) алынган, экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын пайдасынын көлөмүндөгү алардын үлүшү 26,8 пайызды түздү.

 Өткөн жылдын ушул мезгилине караганда, түшкөн пайданын көлөмү 7,9 млрд. сомго же 19,6 пайызга  көбөйдү. Пайданын 63 пайыздан ашыгы Бишкек шаарынын чакан жана орто ишканалары тарабынан алынган.

 


Акыркы жаңылоо: 07.09.2018, 09:15