Россиядан келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көбөйүшү белгиленүүдө

Басылмалардын датасы: 28.03.2019


 Алдын ала маалыматтар боюнча 2018-жылдагы Россиядан келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2017-жылга салыштырмалуу 24,9 пайызга көбөйдү жана 123,2 млн. АКШ долларын түздү.

Алардын негизги көлөмү (тартылган инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 78,0 пайызы, анын ичинде 97,6 пайызы – тамак-аш азыктарын, суусундуктар өндүрүшүнө) иштетүү өндүрүшүнө, электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуу (жабдуу) чөйрөсүнө (12,8 пайызы), дүң жана чекене соодага (3,8 пайызы),  маалымат жана байланыш чөйрөсүнө (2,1 пайызы) багытталган.

Муну менен бирге иштетүү өндүрүшү ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү - 17,1 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө 3,8 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуу (жабдуу) ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү - 5,0 эсеге, дүң жана чекене соодага 1,8 эсеге төмөндөдү.

1-диаграмма: 2018-жылдагы Россиядан келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын экономикалык ишмердиктин                                      түрлөрү боюнча келип түшүүсү
   
                      (жыйынтыкка карата пайыз менен)

 

 

 

 

2018-жылдагы республиканын экономикасына Россиядан келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын дээрлик бардык көлөмү (98 пайыздан көбү) Бишкек ш. ишканаларга багытталган.

 

 

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 28.03.2019, 14:58