2020-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак-жай фондун каттоонун маалыматтарын алуу жана кайра иштетүү мобилдик тиркеменин жардамы менен өтөт

Басылмалардын датасы: 21.11.2019


Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жылдын февралында өлкөнү санариптештирүү алкагында эл жана турак-жайды каттоону заманбап технологияларды колдонуу менен өткөрүү, электрондук форматка өтүү зарылчылыгын белгиледи.

Коюлган тапшырманы аткаруу максатында, Улутстатком суроолор баракчасын электрондук форматка өткөрүү боюнча Дүйнөлүк Банк иштеп чыккан «Survey Solutions» тиркемесинин базасындагы программалык продуктуну колдонду.           

Биринчи жолу бул мобилдик тиркеме Улутстаткомдун 30 адиси менен Чүй облусунун Токмок шаары жана Чүй районунда, эл жана турак-жай фондун сыноо иретиндеги каттоо убагында off-line режиминде тестирлөөдөн өттү. 2019-жылдын июль айында мобилдик тиркемелер кайрадан толукталып иштелип чыккандан кийин, Улутстаткомдун 33 адиси менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл аймагында кошумча тестирлөөдөн өткөрүлдү.

Мобилдик тиркемелерди тестирлөөнүн жыйынтыгы кагаз жүзүндөгү суроолор баракчасы менен салыштырганда бир катар артыкчылыктарды көрсөттү:

  • чыгымдардын үнөмдөлүшү жана маалыматтарды иштетүү мөөнөтүнүн кыскаргандыгы;
  • маалыматтын сапатынын жакшыргандыгы: автоматтык багыттама жана редакторлоо;
  • реалдуу убакыт ичинде каттоонун жүрүшүн көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү;
  • каттоодогу талаа персоналдарын эффективдүү башкаруу.

Коопсуздук жана калктын жеке маалыматтарын коргоо максатында, тиркемени ачууга бардыгы үчүн мүмкүнчүлүк жок. Тиркемелерди каттоочуларга орнотуу Android 5.0 жана анын андан жогору базасында Улутстаткомдун серверинен каттоочунун жеке уюлдук телефонуна же планшетке орнотулат. Ар бир каттоочунун мобилдик тиркемеге кирүү үчүн өзүнүн логини жана сыр сөзү болот.

Мобилдик тиркеме эки тилде болот: мамлекеттик жана расмий тилдерде.

       

 


Акыркы жаңылоо: 21.11.2019, 10:38