Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Улутстаткомдун жамаатын жаңы жыл менен куттуктады

Басылмалардын датасы: 30.12.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Улуттук статистика комитетинин жамаатын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады. Улутстаткомдун кызматкерлерин жаңы жыл менен куттуктап жатып, ал өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү Улуттук статистика комитетинин кызматкерлеринин зор салымын баса белгиледи. “Мен илимге кызыгам, статистика – илимдин ханышасындай бардык фундаменталдык илимдердин туу чокусунда турат. Мамлекетибиздин социалдык, экономикалык багыттар боюнча өнүгүү программаларынын негизин сиздер даярдап берген статистикалык маалыматтар түзөт. Андыктан, сиздердин эмгегиңиздер – баа жеткис”,- деди өзүнүн куттуктоо сөзүндө Арзыбек Кожошев. Ошондой эле ал Улутстаткомдун кызматкерлерине бекем ден соолук, жооптуу иштеринде ийгилик жана бейпил турмуш каалады.

Андан нары, Министрлер Кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Улутстаткомдун алдыңкы жаш кызматкерлерин белек менен сыйлады.

         

         

         

         

         

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 30.12.2021, 16:52