Чүй районунун жана Токмок шаарынын жалпы элинин 15 пайызы сынамык каттоодон өттү

Басылмалардын датасы: 27.03.2019


Азыркы учурда республикада мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чара – кезектеги  2020-жылы өтө турган эл жана турак жай фондун катоосуна даярдыктар кызуу жүрүп жатат.

Даярдыктын эң негизгилеринин бири 25-мартынан 3-апрелге чейин пилоттук (сынамык) каттоону өткөрүү.

Ушул жылдын 25-мартында эртең мененки 8-00 дө Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарында каттоо иш кагаздарын жана  уюштуруу-технологиялык жактан камсыздоону апробациядан өткөрүү максатында Улутстатком тарабынан пилоттук (сынамык) каттоосу башталган.

2 күн ичинде (25-26 мартында) Чүй районунун жана Токмок шаарынын жалпы элинин 15 пайызы каттоодон өттү.

 


Акыркы жаңылоо: 27.03.2019, 14:55