2018-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүүнүн оң тенденциясы белгиленди

Басылмалардын датасы: 16.01.2019


2018-жылы ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 557 миллиард сомду түзүп, мурунку жылга салыштырганда 3,5 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 509 миллиард сомду түзүп, 3,5 пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2018-жылы 251 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү көмүрдү өндүрүүнүн 22,0 пайызга, мунайзат жана жаратылыш газынын 17,5 пайызга, ошондой эле негизги металлдардын, текстил өндүрүшүнүн, кийим тигүүнүн, азык түлүк продуктуларынын, резина жана пластмасс буюмдарынын жана курулуш материалдарынын көлөмдөрүнун өсүшү менен камсыздалды.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 2,7 пайызды, курулушта өсүү 7,8 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 5,5 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

Керектөө чөйрөсүндө 2018-жылдын январ-декабрында инфляциянын деңгээли 0,5 пайызды түздү, 2017-жылы бул көрсөткүч 3,7 пайызды түзгөн.

2018-жылы мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу, баалардын жана тарифтердин төмөндөөсү Баткен жана Чүй облустарында байкалса, алардын эң көп жогорулоосу Нарын облусунда байкалган.

Республиканын тышкы соода ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү. Маселен, алдын ала маалыматтар боюнча 2018-жылдын январь-ноябрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5,9 миллиард АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,2 пайызга жогорулады. Ошону менен бирге, экспорт 0,8 пайызга, ал эми импорт 8,2 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен республиканын тышкы соода жүгүртүүсү жөнүндө айта кетсек, 2018-жылдын январь-ноябрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2,1 миллиард АКШ долларын түзүп, 4,8 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 0,5 пайызга, ал эми импорт 6,1 пайызга кыскарган.

ЕАЭС мүчө-мамлекеттер менен республиканын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүштөр Россия менен 65,9 пайызды жана Казахстан менен 32,3 пайызды түзгөн.

 

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын өз ара соодасы
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

              Импорт                                                                                               Экспорт

Презентациялар:

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 16.01.2019, 14:15