2019-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүүнүн темпи 4,5 % түздү

Басылмалардын датасы: 16.01.2020


Ички дүң продукт 2019-жылдын январь-декабрында алдын ала баалоо боюнча 590 миллиардды түздү жана 2018 - жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 4,5 пайызга көбөйдү.  

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-декабрында ИДПнын көлөмү 543 миллиарддан ашык сом өлчөмүндө түзүлдү жана 3,8 пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

 

Өнөр жай продукциясы 278 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018-жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга көбөйдү, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен металл рудаларын казуу (28,5 пайызга), кийим өндүрүшүнүн (18,3 пайызга), чийки мунайзат жана жаратылыш газын (17,0 пайызга), негизги металлдарды өндүрүү (12,3 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктулар (8,8 пайызга),  көмүр казуу (6,9 пайызга), ошондой эле тамак-аш продуктулар өндүрүшү (4,3 пайызга) көбөйүшү менен шартталды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда көлөмдөрдүн өсүшү 2,6 пайызды түздү, дүң жана чекене соода - 4,7 пайызды, курулуш  - 10,6 пайызды түздү.

2019-жылдын башынан тартып (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 3,1 пайызга өстү, бул тамекинин (13,4 пайызга), тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын (5,7 пайызга), ошондой эле азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын жана кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтердин өсүшү менен шартталды.   

2019-жылы мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү республиканын бардык аймагында катталды. Ошону менен бирге, баалардын  максималдуу өсүшү Баткен облусунда (6,3 пайызга), ал эми минималдуу өсүшү Ош шаарында (2,3 пайызга) белгиленди. Республиканын бардык аймагында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын, ошондой эле алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарынын баалары өстү. Азык-түлүк эмес товарлардын баалары өткөн жылы Баткен облусунда (2,7 пайызга), кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери Нарын облусунда (3,7 пайызга) эң көп жогорулады.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү, алдын ала маалыматтар боюнча,   2019-жылдын январь-ноябрында 6 млрд. ашык АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 2,6 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 9,4 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче,  6,6  пайызга кыскарды. 

2019-жылдын январь-ноябрында  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  эки млрд. ашык АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь- ноябрына салыштырмалуу 4,2 пайызга азайды.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөрдүн 0,8 пайызга, ошондой эле импорттук келип түшүүлөр 5,1 пайызга кыскарганы белгиленди.  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (61,6 пайызы) жана Казакстанга (36,2 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы
 (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

Презентациялар:


Акыркы жаңылоо: 16.01.2020, 17:18