Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча экономика өсүшкө жетти

Басылмалардын датасы: 14.01.2022


Өткөн жылдын январь-декабрь мезгилине карата ички дүң продукт алдын ала баа боюнча 723 миллиард сомду түздү жана 2020-жылдын январь-декабрь мезгилине салыштырганда 3,6 пайызга жогорулады.

Өткөн жылдын январь-декабрь мезгилине карата ички дүң продуктун көлөмү “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишкананы эсепке албаганда 668 миллиардга жакын сомду түздү жана 3,9 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

2021-жылдын январь-декабрына карата өнөржай продукциянын көлөмү 357 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын январь-декабрына салыштырганда 9,0 пайызга көбөйдү. Көбөйү тазаланган муунай-продуктуларынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү (67,0 пайызга), ошондой эле резиналык, пластмассалык буюмдар, башка металл эмес минералдык продуктулардан (29,5 пайызга), жыгач жана кагаздан жасалган  буюмдар, полиграфиялык ишмердүүлүк (26,2 пайызга), азык-түлүк продуктулары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки заттары (13,3 пайызга), жер астынан казып чыгаруулучу пайдалуу заттарды өндүрүү (21,2 пайызга), ошондой эле негизги металлдарды өндүрүү жана унаа менен жабдуулардан тышкары даяр металл буюмдары (3,0 пайызга) өсүшүнөн келип чыкты.

Өнөржай продукциялардын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Ал эми терс тенденциялар курулушта байкалып, бул тармакта көлөмдүн төмөндөшү 4,8 пайызды түзгөн. Айыл-чарбада 5,0 пайызды түзсө, ошол эле учурда дүң жана чекене сатыкта тескеринче көлөмдүн өсүшү 10,5 түздү. 

Өткөн  жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 11,2 пайызды түздү. Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 13,3 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 14,4 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга - 9,7 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери - 7,1 пайызга өсүүлөрү байкалды.

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (14,9 пайыз) Жалал-Абад облусунда катталган, азык-түлүк эмес товарларга (20,1 пайызга) жогору экени аныкталды.

Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 6,3 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-ноябрына  салыштырмалуу 21,4 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 20,1 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 43,9 пайызга жогорулады.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2,9 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31,4 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 30,4 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 31,7 пайызга жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-августта Орусияга (65,5 пайыз) жана Казакстанга (32,0 пайызга) туура келди. 

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт

Экспорт 

_________________________________________________________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg.  Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).


Акыркы жаңылоо: 14.01.2022, 12:03