2020-жылдын январь айынын жыйынтыгы менен экономикалык өсүш 1,8 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 11.02.2020


Бүгүн, 11-февралда, Улуттукстаткомитетте 2020-жылдын январь айынын жыйынтыгы менен республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маалымат жыйын өттү. 

2020-жылдын январь айында Ички дүң продукт, алдын ала маалыматка караганда 31 млрд сомду түзүп, 2019-жылдын январь айына салыштырмалуу 1,8 пайызга өстү.

 “Кумтор” кенин эске албаганда 2020-жылдын январь айында УДПнын көлөмү 28 млрд сомго жакындап, 2,5 пайызга өскөн.   

Ички дүң өндүрүмдүүлүк
(тиешелүү жылдын убагына карата пайыздык көрсөткүч)

 

2020-жылдын январындагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн (0,8 пайызга) өсүшү текстиль өндүрүшүнүн, кийим, булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдар, бут кийим (1,9 эсеге),  чийки мунайзат жана жаратылыш газы (38,1 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарынын өндүрүшү (28,3 пайызга), металл рудалары (21,7 пайызга), жыгач иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдардын өндүрүшү (10,5 пайызга), ошондой эле тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн (3,1 пайызга)  көбөйүшү менен шартталды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(тиешелүү жылдын убагына карата пайыздык көрсөткүч)

 

Айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмү 2018-ж. январына салыштырмалуу 1,6 пайызга өстү.  Дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн - 4,6 пайызга көбөйсө, курулуш тармагында 1,1 пайыз өсүш байкалат.

Үстүбүздөгү жылдын январында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүүсү 0,6 пайызды түздү. Ушул эле учурда баалардын алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (2,2 пайызга), тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (1,0 пайызга) эң көп өскөнү белгиленди.

Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын январында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин (0,1 пайызга) бир аз жогорулаганы, ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баалары,  тескерисинче, 0,2 пайызга  төмөндөгөнү белгиленди.

Республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулоосу белгиленди. Ушул эле учурда, алардын максималдуу (0,7 пайыз) өсүшү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катталды.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын январь-декабрь айында 7 млрд АКШ долларына жакындады, 2018-жылдын январь-декабрь мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга төмөндөдү. Ошол эле мезгилде экспорттун көлөмү 7 пайызга өстү, импорт болсо, тескерисинче, 7,3 пайызга кыскарган.  

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон эки тараптуу соода-сатык 2019-жылдын январь-декабрь аралыгында 2,6 млрд АКШ долларын түздү, бул 2018-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөн.

Ошол эле маалда экспорттун көлөмү 3,1 пайызга жана импорттун көлөмү – 6,7 пайызга азайган.  ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттери менен республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (61,9 пайызы) жана Казакстанга (35,9 пайызы) туура келди.

Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-сатык 
                            (тиешелүү жылдын убагына карата пайыздык көрсөткүч)

Импорт                                                                        Экспорт

 

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жайды каттоого карата даярдык тууралуу; 2020-жылга карата малдын жана үй канаттууларын каттоонун жыйынтыгы тууралуу; калктын ишеним индекси тууралуу; 2019-жылында билим берүү тармагындагы тенденциялар тууралуу маалымат берилет.

Презентациялар:


Акыркы жаңылоо: 11.02.2020, 16:16