2017-жылдын январ-апрелинин жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 7,7 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 13.05.2017


Бүгүн, 13-майда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын
2017-жылдын январ-мартындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин  Улуттук эсептер жана экономикалык баланстар бөлүмүнүн башчысы Амангул Кудербаева маалымдагандай ушул жылдын январь-апрелинде, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 121 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырганда  7,7 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 107  миллиард сомдон ашып, 4 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылдын январ-апрелинде 68 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу  36,3 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу менен камсыздалды.

Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 14,4 пайызга өстү.

2017-жылдын январ-апрелинде мурунку айга салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли  2,2 пайызды түздү. Муну менен, үстүбүздөгү жылдын апрелинде мурунку айга салыштырмалуу баалардын жана тарифтердин өсүүсү республика боюнча 0,1 пайызды түздү.

Тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (4,2 пайызга) жогорулаган, негизинен, жаңы бышкан жашылчаларга (34,5 пайызга) өскөн. Муну менен бир катарда, январ-апрелде азык – түлүктүк эмес товарларга  0,5 пайызга  жана алкоголдук ичимдиктерге 3,0 пайызга баалар төмөндөгөн.

2017-жылдын январ-апрелинде  керектөө бааларынын жана тарифтеринин (3,9 пайызга) өсүшү Ош шаарында байкалды. Мында башка региондорго салыштырганда, азык түлүк эмес товарларга 2,5 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына 8 пайызга өскөн. Баалар Баткен облусунда 3,1  пайызга, Ош облусунда 6,2 пайызга өскөн.

Финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Светлана Валуйская  2016-жылда экономика ишканаларынын финансылык жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, 2016-жылы республиканын экономикасында 15,5 миң ишкана иштеген. Алардын негизги саны соода, өнөр жай, курулуш, профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердүүлүк тармактарына туура келген.

Жылдын жыйынтыгы боюнча 51,2 миллиард сом өлчөмүндө киреше алынып, оң сальдолошкон финансылык жыйынтык алынган. Анын негизги көлөмү (жалпы сумманын 88 пайызы) реалдуу сектордун ишканалары менен түзүлгөн, ал эми 12 пайызы финансы секторунун уюмдары менен ишке ашырылган. Жылды киреше менен ишканалардын 41 пайызы аяктаса, чыгаша менен 28 пайызы аяктаган. 2016-жылы ишканалардын финансылык-экономикалык рентабелдүүлүгү 15,5 пайызды түзгөн.

Социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова 2016-жылда Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, өткөн жылы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү 13 миңден ашуун врачтар жана 35 миңден ашуун орто медициналык кызматкерлер камсыздашкан. Республикада калктын 10 000 адамына 23 врач жана 75 орто медициналык кызматкерлер туура келет. 2016-жылы медициналык уюмдарга 1,4 миллион кайрылуу катталган, алардын 40 пайызын балдар түзгөн. Мунун ичинде, оорулуулардын жалпы структурасында эң көп кайрылуулар (37 пайызы) демалуу органдарынын ооруларына туура келген.

Презентациялар:

2016-жылда экономика ишканаларынын финансылык жыйынтыктары жөнүндө

2016-жылда Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө


Акыркы жаңылоо: 13.05.2017, 16:08