2017-жылдын январ-августунун жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 6 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 12.09.2017


Бүгүн, 12-сентябрда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январ-августундагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

   Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин  Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова  маалымдагандай ушул жылдын январ-августунда, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 282 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырганда 6 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 253  миллиард сомго жакынды түзүп,  3,6 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылдын январ-августунда 144 миллиард сомду түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн, резиналык жана пластмассалык жасалгаларды, тазаланган мунайзат продуктуларын  жана кийим  өндүрүүнүн жогорулоосу менен камсыздалды.

Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2 пайызга өстү.

2017-жылдын январ-августунда мурунку айга салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли  1,5 пайызды түздү.

Көбүрөөк өлчөмдө баалар жана тарифтер тамеки заттарына 19,3 пайызга жана кызматтарга 6,0 пайызга өскөн.

Тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар (1,3 пайызга) жогорулаган. Ошол эле мезгилде, августта мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу баалар жана тарифтер азык-түлүктүк эмес продуктуларга 0,5 пайызга жана алкоголдук ичимдиктерге 3,9 пайызга төмөндөгөн.

2017-жылдын январ-августунда  керектөө бааларынын жана тарифтеринин эң көп жогорулоосу  (5,8 пайызга) Ош облусунда байкалган, ошол эле мезгилде алардын деңгээли Бишкекте (0,7 пайызга) жогорулаган, негизинен, башка региондорго салыштырмалуу тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (5,6 пайызга), азык-түлүктүк эмес товарларга (4,6 пайызга), жана тамеки заттарына (1,6 эсеге)  өсүүсү байкалган, ошол эле мезгилде Бишкекте кызматтарга баалар 8,8 пайызга жогорулаган.

Демографиялык статистика жана эмгек рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Айнур Шакенова 2016-жылда Кыргыз Республикасында эмгек рыногунун абалы жөнүндө маалымат берди. 2016-жылы 15 жаш жана андан жогору курактагы калктын экономикалык активдүү адамдарынын саны 2,5 миллиондон ашуунду түзүп, алардын негизги бөлүгү (65 пайыздан көбүрөөгү) айыл жеринде жашашат. Жумуш менен камсыз болгондордун,  27 пайызы айыл-чарбасында, 16 пайызга жакыны соода чөйрөсүндө, 12 пайызы курулушта, 9 пайызга жакыны билим берүү тармагында эмгектенишет. Акыркы беш жылда жумушсуздуктун деңгээли 2012-жылы 8,4 пайыздан, 2016-жылы 7,2 пайызга төмөндөгөн.

Керектөө рыногунун статистикасы бөлүмүнүн башчысы Турсункан Абдылдаева акыркы 5 жылда Кыргыз Республикасында рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүүсү жөнүндө маалымат берди. 2016-жылы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге жогорулаган. Ошол эле мезгилде, кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү ички дүң продукттун көлөмүнүн жарымына жакынын түздү. Кызмат көрсөтүү ишмердүүлүк менен алектенген чарба субъектилеринин жалпы санында, эң маанилүү үлүштү (96 пайыздан көбүрөөгүн) жеке ишкерлер түзүшөт.


Акыркы жаңылоо: 15.09.2017, 14:02