2018-жылдын январ-февралынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 2,7 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 13.03.2018


Бүгүн, 13-мартта Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январ-февралындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү. 

Улутстаткомдун Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова маалымдагандай ички дүң продукт ушул жылдын январь-февралында, алдын-ала баалоо боюнча, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 59 миллиард сомдон ашып, мурунку жылдын ушул мезгилине  салыштырганда 2,7 пайызга  жогорулады.

 “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү   53 миллиард сомду түзүп, 3,3 пайызга өстү.

 Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-февралында 35 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу  5,4 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү, текстиль өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн 2,3 эсеге, кийим-кече өндүрүшүнүн 44,6 пайызга,  резиналык, пластмассалык жана башка металл эмес буюмдардын 36,5 пайызга жана мунай продуктуларынын өндүрүшүнүн 25,8 пайызга өсүүсү менен камсыздалды.

 Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 12,7 пайызга өстү.

2018-жылдын январ-февралында мурунку айга салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли  1,4 пайызды түздү. Үстүбүздөгү жылдын январ-февралында тамак аш продуктуларына жана алкоголсуз ичимдиктерге баалар 1 пайызга жогорулаган.

Баалар жашылчаларга 10,4 пайызга, алмаларга 7,1 пайызга, картофелге 4,9 пайызга,  сүткө 3,1 пайызга өскөн. Ушуну менен бир катарда, баалар гречкага 6,7 пайызга, печеньеге 2,1 пайызга, кумшекерге 2 пайызга, балыкка 1,9 пайызга, уй ич майына 1,6 пайызга, кондитерге 1,1 пайызга, өсүмдүк майына 0,7 пайызга жана унга 0,5 пайызга төмөндөгөн.

Баалардын жана тарифтердин тамеки заттарына жана алкоголдук ичимдиктерге 5 пайызга, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө 3,4 пайызга  пайызга өскөндүгү байкалган. Азык-түлүктүк эмес товарларга баалар 0,2 пайызга төмөндөгөн.

2018-жылдын январ – февралында кректөө бааларынын жана тарифтеринин эң көп өсүүсү Нарын облусунда байкалган, ал жерде башка региондорго салыштырмалуу тамак аш продуктуларына жана алкоголсуз ичимдиктерге 3,8 пайызга, кызмат көрсөтүүлөргө 4,4 пайызга баалар өскөн. Ошол эле мезгилде, баалардын төмөндөөсү Баткен облусунда (0,8 пайызга) сакталган. Алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттары Талас облусунда (8 пайызга), азык түлүктүк эмес товарлар Ош облусунда (1,2 пайызга) кымбаттаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2018-жылдын январында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү  489 мллион АКШ долларына жакынды түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 45,3 пайызга өстү. Ошону менен бирге, экспорт 25,6 пайызга өстү, ал эми импорт – 52 пайызга өстү.

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Эльмира Тургунбаева 2017-жылдагы Кыргыз Республикасында айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Айыл, токой чарба жана балык уулоо продукцияларынын дүң чыгарымы 2017-жылдын январ-декабрында 207 миллиард сомдго жакынды түзүп, мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,2 пайызды түзгөн. Чыгарылган продукциянын жалпы көлөмүндө жарандардын дыйкан (фермердик), өздүк чарбаларынын үлүшү 96 пайызга туура келген. Айыл чарбасынын жалпы продукциясы, мал чарба продукциясын өндүрүүнүн жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясынын өсүүсү менен камсыздалган.

Презентация:


Акыркы жаңылоо: 13.03.2018, 12:19