2017-жылдын январ-июнунун жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 6,4 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 11.07.2017


Бүгүн, 11-июлда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын
2017-жылдын январ-июнундагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

            Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин  Төрагасынын биринчи орун басары Азамат Оросбаев  маалымдагандай ушул жылдын январ-июнунда, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 194 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырганда 6,4 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 173  миллиард сомго жакынды түзүп, 3,1 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылдын январ-июнунда 105 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 31,6 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу менен камсыздалды.

Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 12,1 пайызга өстү.

2017-жылдын январ-июнунда мурунку айга салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли  2,8 пайызды түздү. 2017-жылдын I кварталында керектөө бааларынын өсүүсү 2,1 пайызды түзгөн болсо, II кварталында  0,7 пайызды түзгөн.

Жыл башынан бери тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар (5,2 пайызга) жогорулаган. Ошол эле мезгилде, сүт жана сут азыктарына баалардын (7,3 пайызга) төмөндөөсү менен бир катарда, жумурткага (9,5 пайызга), өсүмдүк жана жаныбарлар майына (3,0 пайызга), талканга (6,0 пайызга), күрүчкө (2,6 пайызга) төмөндөсө, картофелге (2 эседен көбүрөөк), алмага (үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөк), жашылчаларга (16,4 пайызга), этке (3,6 пайызга), кумшекерге (3,7 пайызга) баалар көтөрүлгөн.

2017-жылдын I - жарым жылдыгында  керектөө бааларынын жана тарифтеринин эң көп жогорулоосу  (5,9 пайызга) Талас облусунда байкалган, негизинен, башка региондорго салыштырмалуу тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (11,3 пайызга) өсүүсү менен шартталган.

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын башчысы Гульзейнеп Мурсабекова 2017-жылда Кыргыз Республикасында айдоо жерлерин жана айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттарын колдонууну эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын бардык чарбаларында айыл-чарба өсүмдүктөрү менен ээленген жалпы себүү аянты мурдагы жылга салыштырмалуу 1,2 пайызга көп эгилген.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын башчысы Римма Чыныбаева 2016-жылда Кыргыз Республикасындагы демографиялык кырдаал жөнүндө маалымат берди.  Акыркы беш жылда өлкөнүн калкынын саны 2009-жылы 70 миң адамдан 2016-жылы 120,7 миң адамга жогорулап, 1,4 эсеге көбөйгөн.

            Баалоолор боюнча, Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2017-жылдын башына 6 миллион 140 миң адамды түзгөн. Республиканын калкынын жалпы санында аялдар көпчүлүгүн түзүшөт.

Инвестиция статистикасы бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова 2016-жыла Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын келип түшүүсү жөнүндө маалымат берди.

Акыркы эки жыл ичинде негизги инвесторлор Россия жана Кытай болуп, алардан келип түшкөн инвестициялар кыскарган. Ошол эле мезгилде, Казахстандан келип түшкөн инвестициялар жогорулаган.

Презентациялар:


Акыркы жаңылоо: 11.07.2017, 12:21