2017-жылдын январ-мартынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 7,8 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 11.04.2017


Бүгүн, 11-апрелде Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январ-мартындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Люксина Текеева маалымдагандай ушул жылдын январь-мартында, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 86 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырганда 7,8 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 76  миллиард сомго жакынды түзүп, 3,9 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылдын январ-мартында 52 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 35,9 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу менен камсыздалды. Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 17,1 пайызга өстү.

2017-жылдын январ-мартында мурунку айга салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли  2,1 пайызды түздү. Муну менен, үстүбүздөгү жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу баалардын жана тарифтердин өсүүсү республика боюнча 0,5 пайызды түздү.

Тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (3,4 пайызга) жогорулаган, негизинен, жаңы бышкан жашылчаларга (30,0 пайызга), картофелге (39,3 пайызга),  жана жаңы союлган этке (1,6 пайызга) өскөн. Муну менен бир катарда, январ-мартта сүт жана сүт азыктарына (1,5 пайызга), өсүмдүк майына (1,5 пайызга) жана күрүчкө (0,6 пайызга) баалар төмөндөгөн.

Баалардын жана тарифтердин тамеки заттарына 12,7 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөргө – 2,6 пайызга өскөндүгү байкалган.

Баалар азык тулүк эмес товарларга 0,3 пайызга жана алкоголсуз суусундуктарга 0,1 пайызга томөндогөн.

2017-жылдын январ-мартында  керектөө бааларынын жана тарифтеринин (3,4 пайызга) өсүшү Ош шаарында байкалды. Мында башка региондорго салыштырганда, азык түлүк эмес товарларга 1,8 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына 8 пайызга өскөн. Баалар азык түлүк товарларга жана алкоголсуз суусундуктарга Ош облусунда 5,8 пайызг, кызмат көрсөтүүлөргө Баткен облусунда 3,1 пайызга өскөн.

Өнөр-жай статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаева 2017-жылдын I кварталынын жыйынтыктары боюнча өнөр-жайдын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында өнөр жай өндүрүшүндөгү көрсөткүчтөрдүн өсүүсү Баткен жана Нарын облустарынан башка региондордун көпчүлүгүнүн чарба субъектилери менен камсыздалды.

Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова 2017-жылдын I кварталында керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүгө баалардын жана тарифтердин өзгөрүүсү жөнүндө маалымат берди.

Социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова 2016-жылдагы кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, өткөн беш жыл ичинде республикада катталган кылмыштардын саны төмөндөп жаткандыгынын тенденциясы байкалууда.

Презентациялар:

 

 


Акыркы жаңылоо: 11.04.2017, 11:27